super.kg logo

"Бишкек ЖЭБине керектүү болгон көмүрдүн 40 пайызы гана түшүптүр". Шаардык кеңештин депутаты борбордун кышка даярдыгы тууралуу айтып берди

 

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек мэриясынын жыйындар залында 2019-2020-жылга карата күзгү-кышкы даярдыктар тууралуу жыйын өттү. Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери, район башчылары, шаардык чарба департаменти жана бир нече бул тармакка тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышып, кышка даярдык тууралуу отчетторун беришти.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов аталган жыйындын жүрүшү, жыйынга катышып жаткан тиешелүү тараптардын канааттандыра ала тургандай жооп бере албай жаткандыгын айтып, SUPER.KG порталына комментарий берди.

Ал бир эле жыйындын жүрүшүнө токтолбой, жаңы конуштардагы кээ бир көйгөйлөр, көмүрдүн баасынын кымбаттап бара жатканын дагы айтып өттү.

"Бүгүн кышка карата атайын бардык тиешелүү тараптардын башчыларын чакырып, алардын кышка даярдыгы тууралуу жыйын өткөрүп жатабыз. Бирок баары эле даяр экенин айтып жатышат. Мындан мурун дагы кышка даярбыз дешип, ал кыштын акыбалын дагы көргөнбүз. Биринчи кышта эле ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болуп, канча деген бала бакчалар, мектептердин жылытуу системи тоңуп жарылган. Ошондуктан аларга далил менен сүйлөп, далил менен айткыла деген талаптарды койдук. Жаңы эле алар 70-80 пайызга кышка даярдык бүткөнүн айтышты. Мындан улам көрөбүз, Кудай буйруса, деп турабыз", - деди төраганын орун басары Русланбек Жакышов.

Ал эми ЖЭБ боюнча ал аталган ишкананын жетекчилигине сын айтып, алар толук маалымат бере албай жатканын билдирди.

"Быйыл 2019-жылга 1 миллион 140 миң тонна көмүр келе турганы айтылды. Азыр белгиленген көмүрдүн 40 пайызы гана түшүптүр. Эртең бир айдан кийин кыш келет. ЖЭБдин директору, орун басары жетишебиз деп айтып жатышат. ЖЭБ мэриянын балансында каралбагандыктан, көзөмөлдөй албайбыз. Бирок шаардын депутаты болгондуктан, шаардыктар биздин шайлоочулар болгондон кийин биз түзмө-түз кийлигишпесек да, аракеттерди көрүп жатабыз. Анткени эртең кышта шаардыктар тоңуп калбашы керек", - деди Жакышов.

Мындан сырткары, ал жаңы конуштарда көйгөйлүү маселелер көп экенине дагы токтолуп өттү.

"Чынын айтканда, жаңы конуштарда абал оор. Кар жааганда көмүр эч убакта конуштарга убагында жеткирилбейт. Жаңы конуштарда шаарга чыгуу, жолго чыгуу ал гана эмес балдар ойной турган аянтча дагы көйгөй болот. Азыр көмүрдүн тоннасын 4 миң сом дешүүдө. Бирок мен өзүм көмүрдүн мүшөгүн 250 сомдон сатылып жатканын көрдүм. Эгер эсептесек анда 1 тонна көмүрдүн баасы 5 миң сом болуп калып жатат. Эртең бир кар жаагандан кийин көмүр дагы кымбатташы мүмкүн. Ал эми аткаруу бийлигинин айтымы менен элдин айтымынын айырмасы асман менен жердей болууда. Жаңы конуштарды конуш деп дагы өгөйлөбөшүбүз керек. Ал толук шарттуу түрдө шаардын балансына кириши керек", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136282;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: