super.kg logo
«Жылдын супер футболчусу»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Спорт  

Монголия-Кыргыз - 1:2. "Ак шумкар" керектүү 3 упайга ээ болду (хронология)

 

Башынан / Аягынан Маанилүү

2019-10-15 15:53

Оюн соңуна чыкты. Кыргыз курама командасы керектүү 3 упайга ээ болду!

2019-10-15 15:49

Кайрат Жыргалбек уулу сары айып кагазын алды. Чыдаш керек, жигиттер! 

2019-10-15 15:48

Оюнга 3 мүнөт кошумча убакыт кошулду. 

2019-10-15 15:47

Мурзаевдин ордуна Абдрахманов талаага чыкты. Мирлан бул оюнда бардык аракетин жумшады. Чарчап калганы байкалып жаткан. 

2019-10-15 15:45

Козубаевдин катасынан улам кооптуу абал жаралды. Бурчтан чыгарып берүү орун алды. 

2019-10-15 15:43

Оюн бүтөрүнө 5 мүнөт калды. Жеңишти кармаш керек. 

2019-10-15 15:40

Сагынбаевдин соккусу! Дарбазачы бардык аракетин жумшап, тосуп калды. 

2019-10-15 15:38

Люксту Рустамов алмаштырды. Виталий бүгүн аракет кылды, бирок гол киргизе алган жок. 

2019-10-15 15:34

Шукуроов! Кооптуу соккусун дарбазачы тосуп кетти. Үй ээлери дароо чабуулга өтүүгө аракет кылышууда. 

2019-10-15 15:33

Бернхардттын кооптуу соккусу дарбазадан бийик кетти. Оюн дагы деле чыңалуу менен өтүүдө. 

2019-10-15 15:30

Сол капталдан уюштурулган чабуул бурчтан чыгарып берүү менен уланды. 

2019-10-15 15:27

Кыргыз курама командасында алгачкы алмашуу - Алыкуловдун ордуна Ахмедов оюнга кирди. 

2019-10-15 15:24

Оюн көзөмөлү таптакыр жоголду. Эң кооптуу учур азыр болууда. Ээлигип алган монгол футболчуларынын дымагы күчтүү болууда. 

2019-10-15 15:19

Монгол футболчулары голдон кийин өздөрүнө ишене түштү. Биздин дарбазада байма-бай кооптуу абалдар жаралууда. 

2019-10-15 15:15

Гол. Монголиянын капитаны пенальтиден айырмаланды. Эсеп саны кыскарды - 1:2. 

2019-10-15 15:14

Пенальти. Кичин айып аянтчасынан эреже бузду. 

2019-10-15 15:11

Мыкты уюшулган чабуулда Шукуровдун тепкен тобу жай боллуп калды. Дарбазачы оңой эле тосуп алды. 

2019-10-15 15:10

Кыргыз футболчулары чабуулдарын байма-бай уюштурууда. Бернхардттын бурчтан чыгарып берген тобун Мусабеков асмандата тепти. 

2019-10-15 15:00

2-тайм башталды. Кыргыз командасында азырынча алмашуу болгон жок. 

2019-10-15 14:49

1-тайм соңуна чыкты. Эсеп саны - 0:2, Кыргыз футболчуларынын пайдасында.

2019-10-15 14:44

ГООООЛ! МИРЛАААН МУУУРЗАЕВ! Экинчи ыргак менен уюшулган чабуулду таамай соккусу менен жыйынтыктады - 0:2.

2019-10-15 14:41

3-катар санында ойногон Монголиянын коргоочусу сары айып кагазын алды. Ал Алыкуловду чалып жыкты. Гүлжигитке медициналык жардам көрсөтүлүүдө.  

2019-10-15 14:39

"Сен киргизбесең, сага киргизет" деген футбол мыйзамы иштеп кетпесе эле болду. Мындай абалдарды киргизүү керек.

2019-10-15 14:38

Мурзаааев! Бирге бир чыккан абалды киргизе албай койду. 200 пайыздык абал болчу...

2019-10-15 14:35

Оюндун 35-мүнөтүнө жакындап калды. Эсеп саны 0:1 бойдон. Оюн көбүрөөк ортоңку бөлүктө жүрүүдө. 

2019-10-15 14:24

Улан-Батор шаарында да "Ак шумкар" күйөрмандарсыз калган жок. Стадиондо "Алга, Кыргыз" деген ураандар жаңырып жатат. 

2019-10-15 14:20

Гүлжигит Алыкуловдун бул голу улуттук курама команда үчүн экинчиси. Ал Мьянма менен болгон оюнда да айырмаланган. Алыкулов Беларусь чемпиондугундагы "Неман" клубунда ойноп келет. 

2019-10-15 14:17

Үй ээлеринин кооптуу чабуулу! Матяш ордунда. 

2019-10-15 14:16

ГООООЛ! ГҮҮҮҮЛЖИГИИИТ АЛЫКУЛООВ! Оң капталдан чыгарып берген Мурзаевдин пасын Алыкулов голго айлантты - 0:1

2019-10-15 14:14

Люкстун соккусун дарбазачы оңой эле тосуп алды. 

2019-10-15 14:10

Монгол футболчулары орой ойноп жатышат. Айып соккулар маал-маалы менен башкы калыс тарабынан белгиленүүдө.  

2019-10-15 14:09

Кайрадан Люкс! Чабуулдардын биринде башы менен узаткан соккусу дарбазанын үстүңкү мамысына тийди. Бирок, калыстар офсайд белгиледи. 

2019-10-15 14:07

Гүлжигит Алыкулов! Кыргыз футболчулар контр чабуул уюштуруп, Алыкуловдун узатылган соккусу таамай болбой калды. 

2019-10-15 14:06

ЛЮКС! Алгачкы кооптуу абал. Тилекке каршы, дарбазачы айып аянтчадан топко биринчи жетти.  

2019-10-15 14:03

Алгачкы чабуул сол капталдан уюшулду. Сагынбаевдин чыгарып берүүсү кооптуу болду. Оң капталдан айып белгини Бернхардт ашырып бергени менен кооптуу болгон жок. 

2019-10-15 14:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Монгол футболчулары топту ортодон баштады. 

2019-10-15 13:56

Эки команданын гимндери жаңырууда. Оюн бир канча мүнөттөрдөн кийин башталат. 

2019-10-15 13:27

Эки команданын оюнга чыга турган негизги курамы белгилүү болду. Кыргыз курама командасында Мьянма менен болгон оюнга салыштырмалуу бир өзгөрүү бар - Виктор Майер жаракатынан улам натуралдык эмес футбол талаасына ойноого болбойт. Андыктан, Майер 10-октябрдан кийин Германияга сапар алган. Бүгүнкү оюнда оң капталга Мурзаев чыгып, Люкс негизги курамда чыгат. 

2019-10-15 13:17

Эки команданын оюн алдындагы көңүлү ар кандай. 10-октябрда Монголия конокто Японияга 0:6 эсебинде утулса, Бишкекте Кыргыз футболчулары Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган. 

 

2019-10-15 13:10

Саналуу мүнөттөрдөн кийин Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия-Кыргыз беттеши башталат. Оюн F тайпасындагы 4-турдун алкагында өтөт. 


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
15.10.2019. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
954
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
18-11-2019 23:02
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туз эфир болбогонуна олло жин келип жатат. Мейли эми Ак шумкарларга ийгилик. Кудайым колдоп утайлы.
15.10.2019. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
407
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
КТРка СПОРТ түз алып бере албаса байагындай экен
15.10.2019. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
17-11-2019 23:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Байматов жокпу
15.10.2019. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 02:39
Жынысы:
Белгисиз
+8
marat_1910,Байматов жок женип жатат ал болгондо женилет элек
16.10.2019. 07:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 13:52
Жынысы:
Белгисиз
0
marat_1910,Байматов талтайып чуркай албайтда. Ансыз деле утуп жататго биздикилер. Байматовду давно эле чыгарып салыш керек болчу. Ал вообще эле талтайып калыптырго, топ тепмек түгүл жөндөп баса албай калыптыр.
15.10.2019. 13:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
17-11-2019 23:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+3
неге корсотпойт ктрк анда неге бар ал канал
15.10.2019. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
05-06-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:11
Жынысы:
Белгисиз
0
marat_1910,Англия премьер лигасы бар.10 эсе кызыктуу!!!
15.10.2019. 13:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
383
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:03
Жынысы:
Белгисиз
-6
Урааа гооол 1-0
15.10.2019. 13:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
titanik32,баштала элек жалган айтпасан
15.10.2019. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
383
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
asdef,Жакшы тилек жарым ырыс көрдүнбү.1-0 болду.
15.10.2019. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
titanik32,Туура козун ачык эмеспи)))
15.10.2019. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
16-10-2015
Соӊку аракети:
18-11-2019 12:47
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ктрк спорт олуп эле калгыла.не кылып отурасынар туз эфир корсото албай
15.10.2019. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
02-03-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан Алга! Азаматсынар Молодецтер Алга Кыргызстан!
15.10.2019. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гооол Гулжигит
15.10.2019. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+1
Алга АКШУМКАРЛАР
15.10.2019. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Блиин Мирлан 100% момент олтурду
15.10.2019. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гооол Мирлан
15.10.2019. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экинчи гггоол
15.10.2019. 15:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
06-01-2012
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттукбайбыз жениш
15.10.2019. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 02:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга жеништер коп болоберсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: