super.kg logo
«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бишкекте жүргүнчүлөр көрүстөндүн жанынан таксистке кол салышкан. Шектүүлөр кармалды

 

Бишкекте көрүстөндүн жанында жүргүнчүлөр таксистке кол салышкан. Алар таксисти коркутуп, унаасын тартып алууга аракет жасаган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү Ленин РИИБине таксист арыз менен кайрылган. Арызда 7-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында көрүстөндүн жанында жүргүнчүлөр кол салып, Мицубиси Галант үлгүсүндөгү унаасын тартып алууга аракет кылышкан. Тактап айтканда, ачкычын алып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 20 жаштагы А.А. жана 18 жаштагы Б.Э. аттуу жарандар кармалган. Алар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2019. 23:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
405
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
21-11-2019 14:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+14
18-20 жаш кандай курак окугула жок дегенде лицейге,сваршик,сантехник болсо дагы бир кесипти уйронуп мээнет менен акча тапкыла,мындай адатынарды таштап онолбосонор бир куну бир спортсменге,же оружиясы бар таксистке жолугасынар анан оорукчан же инвалид кылат,элдин баары эле лох эмес да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: