super.kg logo

"Жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлүү болчу, бирок маселени элге кам көрүү жолу менен чечиш керек" дейт өкмөт башчы

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлүү болчу, бирок маселени элге кам көрүү жолу менен чечиш керектигин айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири – бул курулушу 1986-жылы башталып, бирок аягына чыга элек ЖЭБ-2нин тагдыры. Андан бери көп убакыт өттү, бирок станция дагы деле ишке кире элек. "1986-жылы ЖЭБ-2ни куруу үчүн Сокулук районунан 136 гектар жер бөлүнгөн, 2005-жылы 27, 7 гектар жерди өзүм билемдик менен басып алышкан. Учурда бул аймакка миңден ашык турак жай салынып калды. Биз оптималдуу чечим чыгарышыбыз керек. Бул өңдүү стратегиялык объект менен болгон мындай жагдайга – албетте, биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Тилекке каршы, мындай кырдаал бул жерде гана орун алган жок. Эгерде өз убагында алар жерлерди басып алууга адамдарга мүмкүндүк беришпесе, аларга түшүндүрүшсө, бүгүнкүдөй көйгөй болбойт эле. Эми болсо адамдар жашоосун жөндөп алышкандан кийин, көптөгөн укуктарына, айрыкча социалдык камсыздоо укуктарына ээ эмес. Ошондуктан биз маселени мыйзам чегинде гана жана адамдарга камкордук көрүү менен кароого тийишпиз.

Мүмкүн болгон жерде мыйзамдаштырып, ал эми туура келбегини боюнча адамдарга адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп, маселени болушунча кылдаттык менен чечүү керек. Мындай чечимдер өзүм билемдиктин жана жооптуу мамлекеттик органдардын шалаакылыгынын айынан өндүрүштүк объекттер өз жерлеринен ажыраган жерлердин баары кабыл алынышы керек", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132547;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: