super.kg logo

Өкмөт башчы: "Түз чет элдик инвестицияларды 5 миллиард долларга чейин тартса болот"

 

Кайсы гана өлкөнүн экономикасы болбосун инвестициясыз натыйжалуу иштей албайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев BIF-2019 Бишкек инвестициялык форумунда билдирди.

"Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, жеке менчикти коргоо жана бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды четтетүү биздин жалпы ишибиздеги маанилүү артыкчылык болуп саналат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө туура тандалган артыкчылыктар натыйжаларын берүүдө. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын агымы дээрлик 40 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 60 пайызга жеткен. Тышкы соода балансынын тартыштыгы 450 миллион долларга кыскарган. Бул начар көрсөткүч. Ички ресурстардын, өндүрүштү өбөлгөлөөнүн жана бюджеттин ашыкча чыгымдарын кыскартуунун эсебинен биз өлкөгө келген инвестициялардын агымын турукташтырууга жетише алдык. Ата мекендик экономиканын турукташуусундагы кыйла маанилүү дагы бир нерсе тышкы карыздын анча чоң эмес. Бирок туруктуу төмөндөө тенденциясы болуп саналат", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы келечекте чоң инвестиция алып келиши мүмкүн болгон экономиканын бир катар артыкчылыктуу багыттарын санап өттү.

"Бул туризм чөйрөсү, ЕАЭБке мүчөлүк, ВСП+тан артыкчылыктардын берилиши, стратегиялык, географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу. Эл аралык абройлуу институттардын изилдөөлөрүнө ылайык, Кыргыз мамлекети батыш тараптан жалпы калкы дээрлик 700 миллион адамды түзгөн рынокко ээ. Ошондой эле 2,5-5 миллиард долларга чейин түз чет элдик инвестицияларды тартуу потенциалына ээ. Өзүңүздөр билгендей, Кыргыз мамлекетинин 1,5 миллиард калкы бар Кытай менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү акыркы жылдары жогорулады. Мындан тышкары, 1,4 миллирад калкы бар Индия менен карым-катнаш да жакшырууда", – деди өкмөт башчы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.10.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
364
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
20-10-2019 12:12
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бийлик окулдору жакшы аракет кылап жатат. Бирок Атамбаевдин кесепетинен арылууга дагы 2 жыл керек
10.10.2019. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
639
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
20-10-2019 23:33
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытай менен мамиле кылбай эле алысыраак жүрсөк жакшы болот эле .Анан инвестиция ны силерге окшогон чондор желке сурап качырып жатасынар ,каяктагы өзүңөргө окшогон инвестиция келип жатат кытайлар.
10.10.2019. 19:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
375
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 01:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+3
Ушуну премер министрлике татыктуу деп эсептебейм да парашют м.н тушуп калгандардын бири да,жалган эле инвестиция 40-60пайызга осту деген,анда эмнеге жумуш орундары кобойбой эле чет олкого кеткен адамдардын саны кобойуп жатат,алдаганды эле билесинер.
10.10.2019. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
02-03-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 01:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар-бир Кыргыз өзү инвестор болуш керек!!! Чет жактагы Кыргыздар акчаларын Кыргызстанга инвестиция кылса туура болот! Өзүбүз Кыргыздар,Кыргызстанга акчабызды жумшабасак,башка бирөө бизге акчасын жумшабайт!!!
Bekturbek түзөттү 2019-10-10 21:17:19
11.10.2019. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
20-10-2019 02:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
0
Койгулачы ошо инвестициясы жок эле ушуга шугур деп озубуздун арабабызды озубуз эле тартып жашай берели. Ошол акчанын узурун оздору эле корот, карапайым эл эшекчени, эшекке учкашканы болуп эле журо берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: