super.kg logo

"Уулумду айыпсыз сабашкан". Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногон деген шектүүнүн апасы акыркы үмүтү президентте экенин айтты

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаткан Медет Бейшековдун апасы Жыпаркүл Иманкалиева анын уулу күнөөсүз кыйноого алынганын SUPER.KG порталына билдирип, окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери арыздануучунун баласын күнөөсүз камап, мыкаачылык менен сабашкан.

"Өзүм Бостери айылында турам. Ошол жактан келип 1 жарым айдан бери акыйкаттык издеп жүрөм. Жалгыз балам Медет Бейшебековду Октябрь РИИБинин кызматкерлери 29- августта Каракол шаарында дос баласынын туулган күнүндө олтурган жеринен кармап кетишкен. Аны кармоого эч кандай себеп болгон эмес. Милиция кызматкерлери ал жерден баламды кармаганда эле мага таандык унаанын ачкычын алып алышкан. Ачкычты алып, баламдын колуна кишен салышкан. Уулумду кафеден алып чыгып Караколдун милиция бөлүмүнө алып барышкан.

Баламдын кармалганына 1 жарым саат өтпөстөн, кайра кафеге келип, унааны тинтүүгө алышкан. Бирок ачкычты ага чейин эле алып коюшкан. Унааны тинтүү учурунда кошумча дөңгөлөктүн жанынан Мирбек Атабековдун апасына таандык зер буюмдар салынган баштыкты өздөрү эле салып коюштуптур. Ошону менен Медетти Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине алып келишет. Келгенден кийин таңкы саат 5:00дөн баштап ур-токмокко алып, баламды айыпсыз кыйнашкан.

Алар качан гана баламдын үстүнө жактоочу киргенден кийин гана кыйнап, ур-токмокко алганын токтотушкан", - деди Жыпаркүл Иманкалиева.

Арыздануучунун айтымында, колундагы далилдерге карабай анын баласын камап коюшкан. Ал билдиргендей, тоноо болгон күнү анын уулу достору менен досунун үлпөт тоюнда болгон. Ал бул учурду тастыктай турган сүрөт, видеолор бар экенин айтат. Анткени уулу отурган унаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган. Ал эми 5-майдан 6-майга караган түнү шектүү досунун үйлөнгөнүн майрамдап, Бостеридеги кафелердин биринде болгон. Арыздануучу муну анын достору далилдеп бере аларын алтургай ошол отурушта түшкөн сүрөттөр бар экенин айтты.

Жыпаркүл Иманкалиева азыр эч кимге ишенбестигин, бир гана үмүтү президентте калганын айтат. Ал бул үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жазды. Шектүүнүн апасы президент тарабынан аталган окуяга оң баа берилет деп күтүп жатат.

"Акыйкаттык издеп баарына кайрылып жатам. Бардык далилдер бар экенин эске алып, баламды чыгарып беришет деп күткөм. Күндө эле үмүт берип эртең, бүрсүгүнү деп создуктуруп келишти. Андан бери 1 жарым ай убакыт өттү. Бардык тиешелүү кызматтарга кайрылдым. Бирок мен күткөндөй жыйынтык болгон жок.

Аягында президентке кат жазып, аны менен жолугушууну суранып жатам. Мен эч кимге ишенбейм. Тийиштүү жайларга кагаз менен кайрылсам 14 күндүн ичинде чечилет деп окшош жооп беришет экен. Мен аларга баламдын тагдыры чечилип жатат, күтө албайм дедим. Бейкүнөө уулум сабалганы аз келгенсип, күнөөсүз камакта жатат деп чырылдап жүрөм. Президентке жиберген катымдан жакшы жооп болот деп үмүт кылып жатам", - деп кошумчалады арыздануучу.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан бул окуя каралып жатканын, толук маалымат берилерин билдирди.

Ал эми Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор аталган окуя боюнча шектүү Бейшебеков Медеттин апасы арыз менен кайрылганын тастыктады.

"Уулум эч кандай күнөөсү жок, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого учурады деп Бейшеков Медеттин апасы арыз менен кайрылган. Ал уулунун шаарда болбогонуна байланыштуу, кылмышка тиешеси жок деп билдирген. Мындан улам биздин кызматкерлер сабалды деген баланын өзүнө жолугуп келишкен. Ал өзү дагы 5-6 милиция кызматкерлери күнөөнү моюнуна алдыруу максатында кыйнашканын айткан. Биз арызга таянып Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасына жибергенбиз. Кат бүгүн кетти, биз анын жообун күтөбүз", - деп билдирди Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов.

Окуянын чоо-жайы:

Милицияга арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн.
2-сентябрда шектүү катары 24 жаштагы Б.М. Караколдун кафелеринин биринде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүүнүн энеси: “Далилдерге карабай баламды камап коюшту”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.10.2019. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
09-04-2019
Соӊку аракети:
19-10-2019 21:15
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кошумча донголоктун жанында, силердин унаада зер буюмдар кандайча барып калды?
10.10.2019. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 00:50
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул жерде бир кумон бар.уурдаган буйумун кайсыл ууру 3 айлап жанына алып журсун,ууру сразу сатып козун тазаласа керек да.темболье ошол уурдаган куну баласы кайда Ким менен болгонунан бери видео доказательства бар деп жатат
Shabi түзөттү 2019-10-10 14:18:47
10.10.2019. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
639
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 00:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+13
Ошончо зер буюмдарын дөңгөлөктүн жанына коюп алып,туулган күнгө бармак беле бул айыпталуучу жигит.
Түзүк эле бандиттер тоногон болсо керек, эптеп бир бечаранын баласына оодара салышты да мусорлар
10.10.2019. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 07:42
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ene ar daiym ene bar bolsun.Mirbek atabekov emne unchukpait.kunoosuz balany kamatyp
10.10.2019. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 08:35
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куру доомат аягы жаман болот урматы жок менттер озунорго келип тообо кылгыла!
10.10.2019. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
11-07-2017
Соӊку аракети:
20-10-2019 09:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол кутучада шектуунун кол изин текшеришпейби биздин кыйындар
11.10.2019. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
12-05-2019
Соӊку аракети:
18-10-2019 11:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал тоноо тунку саат бир болгон тойдон отуп анан киргендир бирок куноону мойнуна коюшат сабап балким шериги мн уурдагандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132623;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: