super.kg logo

Бишкек жана Ош шаарларына 20 жаңы мектеп куруу каралууда

 

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды.

"Жолугушууда тараптар мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты. Долбоордун негизинде Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирген.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.10.2019. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
15-10-2019 20:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болмок мектеп кобойсо .Балдар бир класста 40тан болбой
10.10.2019. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
15-10-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+1
Каныбек агай ишти баштады. Ишиңизге ийгилик!
10.10.2019. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1631
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
15-10-2019 16:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОшМУга канчалаган зданиелерди куруп койдунуз мектеп кеппи, Ишинизге ийгилик!
10.10.2019. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
11-07-2017
Соӊку аракети:
15-10-2019 22:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар ишиниздерге ийгилик!!Оштогу ВЛКСМ мектеби 3жылдан бери бутпой эле койдуго?Ошону да карап коюнузуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132444;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: