super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Спорт  

"Суперфутбол-2019": Топтун артынан тоголоно чуркаган оюндан фоторепортаж (2-бөлүк)

 

6-октябрь күнү SUPER.KG порталы жана "Супер-Инфо" гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте уюштурган "Суперфутбол-2019" мелдеши болуп өттү.
Оюн талаасындагы кызыктуу көз ирмемдердин 2-бөлүгүнөн сүрөт баян сунуштайбыз.

Ырчы жана "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Калыс Жакыпов.
Шоу-бизнес менен көк бөрүчүлөрдүн ортосундагы мелдеш башталганча "Музаман" тобунун мырзалары жагымдуу чыгармасын тартуулады.
Ырчы Нурхан Турганбаев.

Оюнчулар футбол талаасына чыгышты. Бул жолу "Көк бөрү" менен "Шоу-Бизнес" командасынын бүйүр кызыткан беттеши орун алды.

Ырчы Темир Дамирбеков.

Калыстын ышкырыгы жаңырып, топ көк бөрүчүлөрдүн карамагында болду. Бактияр Таалайбек уулу шамдагайлыгы жана алыскы аралыкка мээлеп тепкиндиги менен көрүүчүлөрдүн эсинде калды.

"Шоу-бизнес" командасынын оюнчулары актёр, тамада Улан Барпиев жана Нышан Кубатаалы уулу.
Атаандашын тоголотуп топтун артынан чуркаган көк бөрүчү Айбек Раис уулу.
Рэпер Бегиш топ талашуу жагынан алдына эч кимди салдырган жок.

"Көк бөрү" командасынын дарбазачысы Сейитбек Анарбек уулунун айласын алты кетирген Самуэль Сактанбеков.

Көк бөрүчү Айбек Раис уулу жана Нышан Кубатаалы уулу.
"Жарайт сити" долбоорунун мүчөсү Санжар Аскаров.
Топ талашкан ырчы Максат Садырбеков жана Майрамбек Рыспеков.

Оюн учурунда "Жарайт сити" долбоорунун мүчөсү Каныбек Рыспаев жеңил жаракат алды.
Нышан Кубатаалы уулу жана Адилет Адисбек уулу.
Көк бөрүчү Улан Насакеев.
Улан Насакеев жана Санжар Аскаров.
Эки команданын беттешинен кийин нукура кыргыз бала Добр патриоттук демди ойготкон чыгармасын аткарды.

Фоторепортаждын 1-бөлүгү.

Фоторепортаждын 3-бөлүгү.



Топту дарбазадан дарбазага чейин тепкен көк бөрүчүлөр жеңген "Суперфутбол-2019" турниринен репортаж

Автор: Амирбек Исмаилов, Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев, Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133501;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: