super.kg logo

Мындан ары акча чогулткан мектеп, бала бакча жетекчилерине чара көрүлөт

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан, алардын ата-энелеринен жана аларды алмаштыруучу адамдардан акча каражаттарын талап кылууга тыюу салды.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.

Тиешелүү буйрукка бүгүн, 2-октябрда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койду.

"Ошондой эле мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогика кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

Бул буйруктун аткарылышы жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
02.10.2019. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
02-04-2016
Соӊку аракети:
31-01-2020 23:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Урматуу министр мырза, мыйзамга ылайык кайсы нерселер учун акча чогулуу каражаты каралган.
Урматуу автор ушул нерсе боюнча да толуктап жазсаныздар мыйзам чегинде канча акча каражаты керектелет жана ал акча каржат кимде турат эмнеге иштетилет,же кайдан кайсыл номер аркылуу жооп алсак болоорун.
02.10.2019. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
22-02-2020 07:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мыйзам кагазда калып калбай иштеп кетсин
Жаны жылга,мугадимдер кунуно,класс жетекчинин туулган кунуно,мектептин ремонту,охранага,уборщицага дагы ж.б баарына акча жыйнабай калабызбы
02.10.2019. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
22-02-2020 00:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Shakek,мугалимдер күнүнө каала каалаба 100сомдон чогултушту.
02.10.2019. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-05-2019
Соӊку аракети:
07-02-2020 13:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Petrovka,эмнеге 100сомдон жообун сурасанар болотко дейм бизде берип атабыз 1000сомдой берип койдук бирок эмнеге чогултуп аткан себебин айтып атат
02.10.2019. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
22-02-2020 00:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 50 сомдон попичительский төлөнөбү же төлөнбөйбү кантип билсек болот админ
02.10.2019. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-05-2019
Соӊку аракети:
07-02-2020 13:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзамдуу акча китепке топтоп жатат арендасын 25сомдон бир китебин. Бакиев баарын бекер кылган болчу кайра аз аздан чогултуп баштап кобойуп кетти быйыл айрыкча мектепке
02.10.2019. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-11-2015
Соӊку аракети:
18-02-2020 10:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ысык тамакка 100сом классный фонд 150 сом ремонтко 200 же 300 сом деп чогултулган акчаларбы же майрамдардагы подаркаларга чогултулган акчабы тактап так корсотуп жооп берип койсонуздар
02.10.2019. 15:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
13-07-2013
Соӊку аракети:
21-02-2020 23:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бакыт калаасы!
0
Акча чогулттурбай карагыла эмесе, мамлекеттик бала бакчадабыз, жерге төшөлчү бир жаңы килем паласы жок, 2 жаштагы балдарыбыз ойной турган оюнчук жок, бир штук жок... анан ошолорго кой көргө кирсин тамак алып деле ичип коебуз деп, балдар үчүн 200 сомдон акча топтоп жатабыз, оюнчук, кол аарчы, анан 4 метр палас алып берели деп...
02.10.2019. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
22-02-2020 00:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
0
Биздин мектепке мыйзамдуу турдо фондго акча которобуз
Ушулар жоюлабы?
02.10.2019. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
22-02-2020 00:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
0
Банк аркылуу
02.10.2019. 20:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
11-02-2020 11:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кабарды окуп жатсам кызым 200 сом беринчи дейт го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137843;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: