super.kg logo
«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Өкмөт башчы: "Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү ошол бойдон калат"

 

"Коопсуз шаар" долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга салым кошкон кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

"Көп жылдар бою "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылбай келген. Долбоордун жактоочулары да жана каршылаштары да көп болду. 2018-жылы өкмөттүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту камсыздоо болгон. Биздин позиция бирдей болгондугун, долбоор биздин коомго керек экендигин айта кетишим зарыл. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы президент тарабынан колдоого алынган. Тендер ачык-айкын өтүп, бул долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууну камсыздады. Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашты деп ишенимдүү айтсак болот", – деди Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизген соң Бишкек шаарынын жолдорунда жана Чүй облусунун унаа жолдорунун айрым тилкелеринде оң натыйжалар бар.

"Долбоордун эң башкы жетишкендиги – жол кырсыгынын кесепетинен болгон өлүмдүн азайгандыгы болду. Жалпысынан коомчулук бул жаңылыкка оң көз карашын билдирди. Ошентип ал аркылуу айдоочулардын маданиятынын калыптанышына, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын жоопкерчилигин жана тартибин жогорулатууга салым кошуудабыз. Ооба, сын-пикирлер бар. Айрымдары боюнча биз жооп кайтаруудабыз. Мисалы, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын айрымдары боюнча айып пулдардын көлөмү азайтылат. Ошону менен бирге жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү ошол бойдон калат", - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга тартылгандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
30.09.2019. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 21:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айып пулду кобойтуп кайра коррупцияга жол ачтынар тоюнбаган акмактар мурда гаилер 50сом алса азыр 500сом алып жатат карапайым элди тоноп буттунор наркы дуйнодо кандай да жатаар экенсинер жеп ичкичтер
01.10.2019. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdizhapar,жол эрежесин бузбай айдагыла анда, кырсык кырсык деп койобуз, канча адам о дуйно салып кетти, кочодо баардыгы жол эрежесин бузуп айдайт, сен бузбасан бузуп атасын дейт. Дисциплинага уйронуш керек да!
Ernestinio түзөттү 2019-10-01 10:23:38
30.09.2019. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
198
Катталган:
20-11-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 08:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
ГАИ лер үчүн оң натыйжа берип атат штрафнар чоң сумманы бергенден көрө жарымын берип кутулуп атат кобу
01.10.2019. 00:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
02-03-2018
Соӊку аракети:
15-11-2019 21:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Штраф төлөнүү калабасаңар,жол эрежесин бузбагыла! Жол эрежесин бузсаңар, коррупцияны өзүңөр баштабай,штрафты жаздыртып,барып казынага төлөп койгула! Коррупцияны калайык калк өзүбүз баштайбыз,анан коррупция жоголбой жатат деп өзүбүз наалыйбыз. Биз ар бирибиз оңолмойун,мамлекет оңолбойт!
Bekturbek түзөттү 2019-10-01 00:27:32
01.10.2019. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
15-11-2019 21:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekturbek,биринчи элге шарт тузуп берип анан талап кылыш керек. Бизде парковка стоянка деген жок да жалан эле запрещен знактар
Abdizhapar түзөттү 2019-10-01 14:46:28
01.10.2019. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жол эрежесин бузган адамдарга оор жаза берүү туура эле. Алар жол эрежесин бузбоосу үчүн жакшы жаза.
01.10.2019. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
14-11-2019 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдо качан дисциплина болсо кырсык азайат, жол эрежесин адам озу сактабагандан кийин штрафты очойто алыш керек, ошондо хотябы, айласы жоктон жол эрежесин сактап башташат. Андай болбосо журо беревиз, мал базардагыдай болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133700;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: