super.kg logo

Өлкөнүн түштүк аймагында "Бакай Банкынын" Исламдык финансылык борборунун жаңы кеңселери ачылды

 

Өлкөнүн түштүк аймагында "Бакай Банкынын" Исламдык финансылык борборунун жаңы кеңселери ачылды. Алар калкка ислам принциптери боюнча альтернативдик каржылоо кызматын көрсөтүшөт.

"Тынчтык" соода борборунда жайгашкан кеңсе.


"Исламдык финансылык борбору 2019-жылдын март айынан тартып Бишкек шаарында жана өлкөнүн түштүк аймагында, өзгөчө Ошто керектөөчүлүк каржылоо продуктусу боюнча активдүү ишин баштаган. Бүгүнкү күндө аталган борборлордун республиканын түндүк жана түштүк аймагында бар болушу керектөөчүлүк каржылоо өнүмдөрүн илгерилөө жана өнүктүрүүгө түрткү берген башкы факторлордун бири болуп саналат. Буга байланыштуу Ош, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларында керектөөчү каржылоо боюнча кардарларды тейлөө үчүн дагы башка кеңселерди ачуу чечилди",
- дешти "Бакай Банк" ААКсынын Исламдык финансылык борборунан билдиришти.

"Таатан" соода борборунда орун алган кеңсе.


Жаңы кеңселерде бөлүп төлөөгө төмөндөгүлөрдү алса болот. Алар: керектөөчү колдонуудагы товарлар, мындайча айтканда, турмуш-тиричилик техникасы, эмерек, курулуш материалдары, уюлдук телефондор, терезелер, эшиктер жана башка буюмдар. Андан тышкары, биздин адистер соода борборлорунда жана айрым кеңселерде керектөөчү товарларды жол-жоболоштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт.

Кара-Суу шаарында жайгашкан кеңсе.


Исламдык финансылык борборунун жаңы кеңселери төмөндөгү даректерде жайгашкан:

  • Ош шаары, Шакиров көчөсү, 108/1, «Таатан» соода борборунун 1-кабатындагы «Техно Макс» (турмуш-тиричилик техникасы) дүкөнүнүн ичинде;
  • Ош шаары, Алишер Навои көчөсү, 11/1, «Тынчтык» соода борборунун 1-кабаты, №9 бутиги;
  • Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, номери жок, 68-сактык кассасынын ичинде, «Бакай Банк» ААКсы;
  • Ош шаары, Масалиев кең көчөсү, 16а, «Мой Телефон» дүкөнүнүн ичинде;
  • Өзгөн шаары, Манас көчөсү, 62 А, «Өзгөн Ордо» соода борборунун 1-кабатында, №2 бутиги.

Ошондой эле, Ошто жаңы кеңселер ишке киргенден кийин Жалал-Абад, Талас, Баткен жана башка өлкөбүздүн шаарларында Исламдык финансылык борборунун бөлүмдөрүн ачуу пландалууда.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: