super.kg logo

КИНОЗАЛ: Жаңы тасма! Ата-энеси үйлөнтүүгө шашкан жигиттин амалдары камтылган "Сүйүү күчү" тасмасы SUPER.KG порталында

 
"Сүйүү күчү". Мына ушундай аталыштагы тасма SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлүп, порталдагы тасмалардын тизмеси дагы бир комедия-драма менен толукталды.
Фильмде Бакыт аттуу жигит төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып, түрдүү амалдарга барат. Себеби ал апасы каршы болгон бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынайды жакшы көрөт. Ортодо көп тоскоолдуктар болот. Тагдыр Бакыт менен Алтынайды бирге кылабы же жокпу? Окуя мына ушул суроонун тегерегинде уланат.
Ал эми тасманын жаратуучулары ким десеңиз, идеянын автору актриса, режиссёр Асема Токтобекова, ал тасмада режиссёрлук да кылган жана роль да аткарган. Ал роль жаратып жаткан учурда Турсун Усен режиссёр болгон, сценарийин жазган Турсун Усен. Ал эми продюсери Акжол Нишанов.
Аталган тасмада Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиева жана баш каармандар Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев роль жаратышкан.
Чечкиндүүлүк, сүйүү, турмуш, жаратылышты чагылдырган тасманы бул шилтеме аркылуу кирип көрүп, комментарийге оюңузду калтырыңыз.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: