super.kg logo

Шайлоо даярдыгы башталдыбы? Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер Абылгазиев үй-бүлөсү менен көчөт тикти деп маалымат таратты

 

Бүгүн, 21-сентябрда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз мамлекетинде «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциясы өтүп жатат. Бул акциянын максаты коомдук жайларды таштандыдан тазалоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана калдыктарды туура жок кылуу аркылуу айлана чөйрөнү коргоо болуп саналат. Анын алкагында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» ачык сейил багынын аймагына бир нече көчөт отургузду.

«Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убактысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан биз борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз», - деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр өкмөттүк аппараттын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү катуу тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.

«Мен бүгүн ишембиликке бекеринен балдарымды ээрчитип чыккан жокмун. Бул сапаттарды бала чактан калыптандыруу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Акыркы учурда Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтөт деген кептер тыйылбай жатат. Буга карата парламенттин спикери да өз позициясын билдирген.

Саясатта шайлоо жакындап калганда, ага катыша тургандар өзүн элге жакын көрсөтүүгө аракет кылып, атүгүл үй-бүлөсүн да эл көзүнө алып чыга баштары көнүмүшкө айланган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.09.2019. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
02-11-2018
Соӊку аракети:
18-10-2019 20:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы пиар экен.
21.09.2019. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 21:07
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул жерденда саясат издеген супер инфого таарындым бак тиксе жаманбы тазалык ишине катышса жаманбы элим газетадан саясатты окуп ичибиз бышты келгилечи озубузду бир башка нукка буруп оз алдыбызча рухубузду которо турган макала окуй турган гезит беттери пайда болсунчу дегендер барбы класс басы
21.09.2019. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 16:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жазда тикпеген кочот эми эсине келиптирби.
22.09.2019. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
18-10-2019 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец деп койсонор болотко эми .жатып алып сындабай
22.09.2019. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-10-2019 20:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар өтө ашыкча ичи тар көрө албас болуп баратабыз, каныбызда бар окшойт. Рааматылык Э. Турсуналиев атабыз өмүр бою элге бекер ырдап берчүү эле акырында шым ууру деп жалгандан жаманатты кылышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132547;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: