super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?

 

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт. 2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда.

Акыйкатчы Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын, эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаганын белгиледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Тиешелүү министрликтин жетиштүү деңгээлде иштегенге каражаты жок"

Бул суроого Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берип, бул багытта жасалган иш-аракеттер жетишсиз болуп жатканына токтолду.

"Бир топ эле жумуштар болуп жатат. Бирок бул жетишсиз. Буга себеп ошол эле каражаттын жетишсиздиги. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги атайын бөлүм бар. Алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси жок балдардын же ата-энеси чет өлкөгө кеткен балдардын жашаган үйүнө барып, кабар алып, жашоо шарты менен таанышып, көйгөйлөр болсо тиешелүү тараптар менен чечип турушу керек. Бирок ал министрликте мындай иштегенге шарт, мүмкүнчүлүк жок. Биз тараптан тапшырмалар берилип эле жатат, бирок баары келип каражатка такалат. Ошол эле министрликте иштегендердин өздөрү аз айлык менен отурушат", - деди Бекешев.

ЖАПАРОВ: "Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата атуу механизмин киргизүү керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, кыргыз калкы сан жагынан өсүүдө коңшу мамлекеттерден бир топ артта калды. Мындан улам балдарга көңүл буруу чараларын тезинен жакшыртуу керек.

"Бул коомдогу болуп жаткан көрүнүштөр өсүп келе жаткан муунга аябай катуу таасир берип жатат. Бир миллиондой жараныбыз акча табабыз деп чет өлкөдө жүрөт, алардын балдары туугандарынын, жакындарынын колунда калып жатат. Ошолорду биз карашыбыз керек эле, шарты туура келбей жатса, интернатка орноштуруп, дагы башка жагдайларды карашыбыз керек. Мен кызыгып изилдеп көрсөм, зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энеси жок же чет өлкөдө жүрүшкөндөр экен. Биринчиден, өкмөт да, парламент да ушуга чоң көңүл бурушу керек.

Экинчиден, жакында эле АКШнын президенти курал колдонуп, элди аткандарга карата өлүм жазасын киргизди. Биз да балдарга карата зордук-зомбулук кылгандарга атуу механизмин киргизишибиз керек. Анткени адамда коркуу болбосо, ал өзүн кылмыштан тыя албай калышы мүмкүн. Көчмөн элдерде, анын ичинен кыргыз элинде "зордуктоо" деген сөздүн синоними жок. Себеби, көчмөн элдерде бойго жете элек кызды зордуктагандарды өлүм жазасына тартып салчу экен. Күчтүү жазаны кабыл алуу механизми менен балдарга карата кылмыштуулук аз болот беле деген пикирди айтат элем.

Мындан тышкары, калктын көбөйүүсү боюнча да биз коңшу өлкөлөрдөн бир топ артта калдык. Ар бир төрөлгөн балага чоң көңүл буруп, аяр мамиле жасашыбыз керек. Мен депутат болуп жүргөн жылдарда да, буга чейин өкмөттө жүргөндө да бир ойду ойлоп жүрөм. Ал балдардын келечегин ойлоп, ар бир төрөлгөн балага аманат китепчесин ачып берсек. Жылына 10 миң сомдон салсак, бала 18ге чыкканча 180 миң сом акча топтолуп калат экен. Бирок эми экономика жакшы өнүкпөй жатат, бюджет тартыш болуп жатат деп жатышат.

Менин оюмча, азыр биз өлкөдөгү өтө жакыр жашаган 9 миң үй-бүлөнү колдоого алып, балдарын бекер окутуп, бала бакчаларга акысыз алышыбыз керек. 220 миң үй-бүлө жакыр жашайт, аларга да экинчи кадамда жардам берилиши керек. Ушундай кечиктирилгис чараларды жасабасак, биз улут катары өсө албай жатабыз, өлгөн менен төрөлгөндөрдүн саны бирдей болуп жатат. Бизде жаштар үйлөнүп, үй-бүлө, бала күткөндүн ордуна жумуш менен алектенип алыска кетүүгө аргасыз болуп жатышат", - деди Жапаров.

КАРАШЕВ: "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү керек"

Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев бул маселеге өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.

“Балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн санынын көбөйүшүн статистика көрсөтүп жатат. Буга тийиштүү мамлекеттик органдар, бийлик өзгөчө көңүл буруу керек. Себеби балдардын укугун коргоо, адамдын укугун коргоо ар бир мамлекеттин түздөн-түз милдети. Зордук-зомбулуктун санынын өсүшү ойго келбеген нерсе. Бул өтө катуу көзөмөлгө алынышы керек. Өкмөт тийиштүү мыйзамдарга сунуштары менен келсе колдоп берет элек. Жазаны күчөтүү керек”, - дейт Карашев.

ӨМҮРБЕКОВА: Балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту токтотууну өкмөт башкы приоритетте карап жатат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, бул көрүнүштү жоюу үчүн өкмөттө алгылыктуу иш-аракеттер башталды.

"Бийлик кайдыгерлик кылбайт, бул маселе биринчи приоритетте каралат. Жөн эле каралбай, конкреттүү чаралар көрүлүп жатат. Биринчиден, өкмөттүн токтому кабыл алынды, ар бир айыл өкмөткө 950 социалдык кызматкерлерди жөнөтүү боюнча. Аларды айыл өкмөткө жумушка орноштуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Социалдык кызматкерлердин бирден-бир милдети - балдар, үй-бүлөлөр менен иштөө. Аз камсыз болгон, ата-энеси алыста жүргөн балдардын жашаган жерин кыдырат. Ар бир райондо 1-2ден эле социалдык кызматкерлер иштешчү, алар бүт районго үлгүрбөйт да.

Айылда тургундар бири-биринин жашоо-турмушун билет. Кимдин атасы ичет, кимдин апасы сабайт, кайсы бала туугандарынын колунда калып, кордолуп жатат деген маалыматтарды ошол социалдык кызматкерлер топтоп, атайын маалыматтык база ачылат, ошол жакка киргизип турат", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132547;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: