super.kg logo
«Жылдын супер актёру» (Добуш берүү токтотулган)


Аскат Сулайманов, «Такебай»
45,7% (530)
Эмил Эсеналиев, «Апамды издеп-2»
16,6% (193)
Азамат Уланов, «Апамды издеп-2»
9,4% (109)
Улугбек Кадыров, «Делбирим»
7,2% (84)
Адиз Ражапов, «Делбирим»
5,7% (66)
Адилет Усубалиев, «Жамгырдан кийин»
5,5% (64)
Марат Амираев, «Такебай»
4,2% (49)
Тауекел Мусилим, «Апамды издеп-2»
4% (46)
Улан Султангазиев, «Жамгырдан кийин»
1,6% (19)

Жалпы добуш (1160)


ИИМ чек ара боюнча айтып чыккан жергиликтүү кеңештин депутаттары суракка эмнеге чакыртылганын айтты

 

14-сентябрь күнү Лейлек районунун айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев жана Шайырбек Орозалиев такталбаган жерге Тажикстан тарап шагыл түшүрүп, курулуш иштерин баштаганы боюнча кайрылуу жасаган. 16-сентябрда алар Ички иштер министрлигине сурак берүүгө чакыртылып, 9 саат сурак берип чыгышкан.

Бүгүн, 17-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы айылдык кеңештин депутаттарынын суракка чакыртылышы боюнча төмөнкүчө маалымат таратты.

"Учурда ИИМдин тергөө кызматында 313-берене "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Мындан улам Сапарали Бөрүбаев менен Шайырбек Орозалиев тергөө ишине күбө катары суракка чакыртылды. Кошумчалай кетчү жагдай, бул иш боюнча башка дагы жарандар суракка чакыртылган. Ошондой эле сурак чакыртылган ар бир жаранга эки сааттан болуп, ортодо тыныгуулар болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иши улантылууда", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
17.09.2019. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
13-12-2019 23:35
Жынысы:
Белгисиз
+29
Энендин ..ына чакырасынарбы? Элим жерим деп чыкты булар
17.09.2019. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
299
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
11-12-2019 21:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
-3
ALATOOLUK.JIGIT,
Энеге асылбай жөн сөгүнгүлө тууганым. Ошол силер сөккөн энеден төрөлүп жатпайбызбы.

Ал эми бул акмактарга эмне дээриңди деле билбейсиң!
17.09.2019. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
263
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
13-12-2019 14:30
Жынысы:
Белгисиз
+25
Анан эмне бийликтин ою бойунча шагыл тогуп пост куруп алгыча унчукпай журо бериш керек беле
17.09.2019. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
13-12-2019 22:17
Жынысы:
Белгисиз
-27
Булар чек арадагы чыныгы абалды билбей эле жалган маалымат таратышты популисттер
17.09.2019. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
09-12-2019 18:59
Жынысы:
Белгисиз
+9
Jaznura,чындыгын болсо айт.алар жалган айтканы учун ушул абал жаралып атабы
17.09.2019. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
13-12-2019 19:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Jaznura,билбегидей эмнеси калды эле кок мээ
17.09.2019. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
13-12-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+19
ИИМ позор позор.
17.09.2019. 21:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
16-11-2019 05:45
Жынысы:
Белгисиз
+14
Суракка албай сыйлык бериш керек болчу буларга. ИИМдегилерде журок мекен деп сокподу бекен
17.09.2019. 21:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
562
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
13-12-2019 14:13
Жынысы:
Белгисиз
-18
Кубоо катары кимди болсо да чакырууга укуктуу! Мыйзам бар бизде, мыйзам жол берсе эмнеге болбосун. Алып барып камап салган жок, сурак берип чыкканы менен эч нерсе озгоруп калбайт. Улуттук коопсуздукту ойлонуп жатышат ИИМ дагы
18.09.2019. 02:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
10-12-2019 23:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
altyn-kumush,Сокеге мыйзам жокпу? Бийликке мыйзамдуу келдиби? Ар бир шайлоодо мыйзам бузуулар болот аларга жаза жокпу?
17.09.2019. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
04-12-2019 11:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
+5
Минтип бири-бирибизди жей берсек жерибиз бош калат
18.09.2019. 06:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
05-12-2011
Соӊку аракети:
03-12-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Ошол жерден кочуп кетпей чегарада жашап жаткан мекендештерге ТААЗИМ!!!
Суракка чакыргандарды ошол аймакка уй булосу бала чакасы менен кочуруп барып жашап кор деш керек.канча кун чек арада жашай алышаар экен.
18.09.2019. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
13-12-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kitep,эн туура, израилдер палестинанын ортосунадагы талаш жерине атайын кочуп бпрып жашашат экен омуруно коркунуч болсо дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
135033;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: