super.kg logo

"Так талашуу оюну" сериалы "Эмми" сыйлыгынын 10 наамын жеңип алды

 
Дүйнөгө белгилүү болгон "Так талашуу оюну" сериалы "Эмми" сыйлыгынын "Creative Arts" категориясындагы 10 наамга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8 сезон менен аягына чыккан сериал мындан сырткары, эң мыкты актёрлор, эң мыкты визуалдык эффектер жана мыкты костюмдар сыйлыгына ээ болгон.
Мындан сырткары, "Фри-Соло" даректүү тасмасы ат салышкан 7 сыйлыкты тең жеңип алган. Ал эми "Эмми" сыйлыгынын эң улгайган ээси деп 97 жаштагы продюсер Норман Ли табылган. Сыйлык АВС телеканалындагы көңүл ачуучу телекөрсөтүүсү үчүн берилген.
"Так талашуу оюну" сериалынын акыркы сезону "Эмми" сыйлыгында 32 наамга көрсөтүлүп, рекорд койду. Буга чейин 1994-жылы "Нью-Йорк полициясы" сериалы 27 наамга көрсөтүлүп, рекорд койгон.
Сериалдын биринчи бөлүгү 2011-жылдын 17-апрелинде көрсөтүлө баштаган. Бул аралыкта сериалдын 7 бөлүгү тартылып, 38 жолу "Эмми" сыйлыгын алган. Жалпы 8 сезонду кошкондо сериал 161 наамга көрсөтүлгөн.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: