super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандардын арасында жетөө аскер кызматкерлери

 

Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында абал курчуп, ок атышууга жетти. Андан 13 адам жабыркаганын, айрымдарынын абалы оор экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдалган.

Жабыркагандардын арасында жетөө аскер кызматкерлери экендигин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы айтты. Анын алтоосу чек арачылар, дагы бири куралдуу күчтөрдүн башка структурасынан.

"Жабыркаган аскер кызматкерлердин алтоо октон жаракат алган. Дагы бир жоокер снаряд жарылганда учкундары, таш тийип "контузия" деген диагноз коюлду. Дагы кошумча маалыматтар берилет", - дешти маалымат кызматынан.

Чек арадагы ок атышуудан кечээ, 16-сентябрда бир чек арачыга ок тийип, каза болгон. Ал атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов. Маркум 41 жашта болчу, чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан. Анын артында аялы, 3 баласы калды.

Жабыркаган аскер кызматкерлеринин тизмеси:

Т. у Г., 1998-жылы туулган аскер кызматкери. Денесине үч ок тийген;

С.Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери, октон жабыркаган;

Т.М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Далысына ок тийип жабыркаган, абалы оор, туруктуу;

К.К., 1992-жылы туулган, аскер кызматкери, абалы оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө;

А. У., 1995-жылы туулган, аскер кызматкери, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Октон жаракат алган;

Т. у. Э., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Октон жаракат алган, абалы оор.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.09.2019. 11:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 19:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсен аман жакшы болуп кетишсин Кудай шыпаасын берсин!
17.09.2019. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
486
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
12-11-2019 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
тажик кургурлар жоокерлерибизди өлтүрөйүн деп аткан турбайбы? Жоокерлерибизге ден-соолук тилейли. Аткандар да өз жазасын алат бүгүн болбосо сөзсүз эртең.
17.09.2019. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
12-11-2019 20:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолук берсин ушул пограничниктерге...
17.09.2019. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
27-11-2018
Соӊку аракети:
12-11-2019 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткен тууралуу башкалар сүйлөсө дагы, Адахан Мадумаровдун кишилери ооз ачпай эле койсо!

Бүгүн, Баткенде чек-арада кайрадан жаңжал чыгып, эки тарап ок чыгарышты. Кыйлага созулган атышууда кыргыз жоокери курман болду. Мындай абал албетте өкүнүчтүү жана эки мамлекет ортосундагы чекит коюлбай келе жаткан татаал маселе. Бул көйгөй бүгүн эле чыга калган жок, союз тарагандан берки талаш. Чек-араны тактоодо эки мамлекет тең бирдей ынанып калчудай шарт жок. Анан калса, убагында Адахан Мад
17.09.2019. 15:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
01-03-2019
Соӊку аракети:
12-11-2019 12:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетишсин батыраак
17.09.2019. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
01-08-2016
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:10
Жынысы:
Белгисиз
0
чек арада бир канча минуталык кызмат корсотуу коп жылдык ибадаттан да жакшы.
Отуп кеткен жоокерибиз шейит даражасын алып бейиштик болсун Оомиинь...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133501;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: