super.kg logo
«Жылдын супер ремейки»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Лейлектен келген айылдык кеңештин депутаттары Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу айтып берди

 

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы такталбаган жерди тажик тарап тосуп, куруу иштерин баштаган. Бул абалга тынчсызданган Катыраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев SUPER.KG порталына билдирип, ал жактагы абал, тажик тарапка өтүп кеткен жерлер тууралуу айтып, маек берди.

Аталган айылдын айылдык кеңешинин депутаттары атайын алыскы Лейлектен Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча бийликти кабардар кылуу үчүн кечээ, 13-сентябрда борборго келишкен.

"Кыргыз өлкөсү 28 жылдан бери чек ара маселесинде утулду. Бул пикирди жалган дебей, моюнга алышыбыз керек. Биз баштык талашып жүрүп, көп жерлерибизди алдырып жибердик.15 жыл мурда Өзбекстан менен Тажикстан чек арабызга кирип келишкен. Ал жерде массалык миграциянын, социалдык-экономикалык абалдын өтө ылдый түшүп кеткенине байланыштуу мамлекет чек арага көз салбай, бүгүнкү күндө кошуналарыбыз тарыхый мыйзамдуу жерлерибизди алып жатат. Чек ара маселеси боюнча биз өтө көп тарыхый окуяларды билебиз", - деп ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Союз учуруна чейин, союз мезгилинде жана андан кийин тажик тарапка өткөн жерлер бар. Мисалы, Совет-Абад шаарында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы,1991-жылы Бүргөндүдөгү жерлер ал тарапка өткөн. Ал эми Лейлек тарабында мамлекеттик ишмердин сатылганынын айынан союз мезгилиндеги баалуу жерлерибиз кеткен.

Эгемендүүлүк учурунда дагы бир канча жерлерибиз ал жакка өтүп кетти. Мисалы, Шор-Суу 2000-жылы алынышы керек болчу. Шураб деген жерди дагы тилекке каршы ала албай калдык. Негизи келишим боюнча ал жер бизге өтүшү керек эле. Азыр ошол Баткен менен Лейлектин ортосунда Ак-Сай деген дарыя бар. Ошол дарыяны бойлой кеткенде тажик тарап 30 жыл аралыгында 18 чакырым Кыргыз өлкөсүнүн чек арасына дарыядагы сууну бойлоп кирип келе жатат.

Азыр Ак-Сайга кирип келүүсүнө 2,5 чакырым эле аралык калган. Эгер мамлекеттик саясат болбосо, чек арада жайгашкан элге кам көрбөсөк, мыйзам аркылуу ал жердеги айыл өкмөттөрүнүн бюджеттерин көтөрүп, үйлөрдү мамлекет тарабынан сатылбасын деген мыйзамдарды иштеп чыга албасак, анда мамлекет экенибиз кайсы?

Чек араны көздүн карегиндей сактап калбасак, келечекте биз көп жерлерден айрылып, өтө кооптуу абалга келип калуубуз мүмкүн. Тилекке каршы, бир канча тарыхый жерлерибиз ал жакка өтүп кетти. Ушул нерселерди болтурбаш үчүн президенттен баштап, жөнөкөй жарандарга чейин аракет кылышыбыз керек. Азыркыдай кайдыгер карай турган болсок, көп жерлерди алдырып, анклавда калышыбыз мүмкүн", - дейт Бөрүбаев.

Ал эми ошол эле айылдык кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиев төмөнкүлөргө токтолду.

"Эки өлкөнүн башчылары жолуккандан кийин, чек арадагы маселе токтобой эле кайра ырбаганын жергиликтүү тургундар айтып жатышат. Бул маселени бийлик республикалык деңгээлде чечпесе, маселе райондун деңгээлинде чечилбейт.

Кулунду айыл өкмөтүнө тиешелүү бир жеринен 14 гектар, экинчи жеринен 11 гектар жерди мурун тажик тарап кыргыз тараптан ижарага алган. Азыр ошол жерди тажиктер өздөрүнүн жери катары колдонуп алган. Кыргыз тарап барса киргизбейт. Өзүбүздүн жерибизге өзүбүз ээлик кыла албай калдык. Мен ошол жерде жашайм. Куруу иштери башталгыча биз маалымат берип, бийликти кабардар кылалы деп кечээ, 13-сентябрда Лейлектен келгенбиз. Бирок бизге чейин эле алар куруу иштерин башташыптыр.

Алар курууну баштаганда дагы эң орчундуу жерлерибизден баштап жатат. Бул нерсени кыргыз тарапты тоготпогондук деп дагы түшүнсөк болот. Анткени алар мыйзамды бузуп жатышат. Негизи эки өлкөнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Буга чейин Адахан Мадумаровдун убагында 275 метр жерди кыргыз тарап тажик тараптан 49 жылга ижарага алган. Азыр тажиктер ал жердеги жолдун эки жээгине шагылды төгүп, куруу иштерин баштап жатат", - деди айылдык кеңештин депутаты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган.

Андан көп өтпөй Лейлектен келген айылдык кеңештин депутаттары SUPER.KG порталы аркылуу бийликке кайрылуу жасаган.



Кыргыз-Тажик чек арасында Тажик тарап такталбаган жерге курулуш иштерин баштаган

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
15.09.2019. 00:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
23-11-2019 03:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мигранттар жашаган шаар
+12
Мадумаров сатпай эле на оборот алган экенго. Кана сатканы?!
15.09.2019. 00:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
07-12-2019 10:24
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бар экенсинерго ушинтип кайсы жерлер качан ижарага берилген жана отуп кеткен жерлерди жазгыла .!.Биздин чондор демокрация дегенден башканы билишпейт .!,Тушунгон адамды алып келип олтургузгула.
15.09.2019. 01:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
515
Катталган:
28-10-2017
Соӊку аракети:
07-12-2019 12:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Президент, Окмот, Жогорку Кенеш деле жыргатып мамлекеттин, элдин пайдасына чече албайт ко. Булардын колунан келишине козум жеипейт.
15.09.2019. 02:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
06-12-2019 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин бийлик тоболдор абдан алсыз экенин корсотуп жатышат Тажик тарапка булар менен каттуу чечкиндуу кадамдарга барбаса булар дагыда жылып келе берет биз тарапка
15.09.2019. 07:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
06-12-2019 22:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын чынына келгенде канчалаган жерлерибиз сатылып эле келатат. Неге только өзүнүн гана камын ойлошот де буларды кудай урбады. Не чек араны чычкан откус кылып тосуп алыш да кыйынбы? Же биздин ана жактагылар чертёжин билбейби кайсы жерден чийилгенин
15.09.2019. 07:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
425
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
07-12-2019 09:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+2
Эч бир жерди жайытты арендага берууну токтотуш керек,кайра ала албагандан кийин ошол арендадан байып кеттикпи,чондор акча учун сатылбай тажиктерди экономикалык жактан сыгыш керек бензин жана башка товарларды сатпагыла акча биздин тубубузго жете турган болду.
15.09.2019. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
548
Катталган:
10-04-2019
Соӊку аракети:
07-12-2019 13:08
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сындаганга сынчы коп! Сындабай чече турган жолун айтпайсынарбы! Же эл учун жакшылык кылыш учун созсуз бийликке келиш керекпи?
16.09.2019. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
03-11-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
altyn-kumush,эй мээн менен сенин Сокеге келбей анан бок курсактарга келсинби.Бок курсактар алар куйруктар эшек каяка басса ошол жака куйругу эрчийт. Азаматсынар келгендер эл учун келгенинерге башкасы болгондо абал туруктуу деп келбейт эле элди алдап.
15.09.2019. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
713
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
06-12-2019 16:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Кыргызстандын бардык аймагындагы жерлер бир дагы чет мамлекетке сатылбашы керек элдин байлыгы эч убакта сатылбашы керек.
15.09.2019. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
24-10-2019 08:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Таджикистан дын президенти менен эмне докментке кол койулган, чек арага барып чечпейсинерби бийликтегилер. Тойбогон бийлик болду го,
15.09.2019. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
02-08-2017
Соӊку аракети:
05-12-2019 08:11
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ,койгула биздин чондорго соз тийгизбегиле,чек аранын эмне кереги бар элиталарга,алар азыр кочмондор оюндарына даярданып жатышат. той буткучо тажиктер чек араны зынкыйтып тосотко. Чондорубуз ушунча кайдыгерби?
15.09.2019. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
07-12-2019 05:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош облусу
0
Ушу чек ара маселесин толук чечип коюшса жакшы болмок. Элдин бийликке болгон ишеними жок азыр, эч ким ишенбейт.
Медиа-портал
15.09.2019. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-07-2019
Соӊку аракети:
06-12-2019 02:59
Жынысы:
Белгисиз
-2
Россияга эле кошулуп кетиш керек.Ошондо мамлекетибиз сакталып калат.Болбосо тажик өзбек кытайлар акырындан нагло кирип келип тартып алып коет жерлерибизди.
15.09.2019. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
03-11-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
-2
Эң туура Россияга кошулбасак жерибиз эч кимге керек эмес окшойт. Соке жоголчу макулбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134718;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: