super.kg logo

Кызыктын баары алдыда. "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучулары көл жээгине келишти (фото)

 

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору старт алды. Бул сынакты SUPER TV "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурду.

Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көлгө келишти. Тагыраагы, катышуучулар алгач Каракол шаарынан Түп районундагы кум жээкке кеме менен келишти. Андан соң оюнчулар чүчү кулактын негизинде "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген эки топко бөлүнүштү.

Реалити-шоунун катышуучуларына бүгүндөн баштап чектөөлөр киргизилет. Дегенибиз, ар бир оюнчу 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт. Мындан улам алардын чөнтөк телефондору жана кулакчындары чогултулуп алынды.

Ошондой эле алдыда катышуучуларды ар кандай сыноолор күтөт. Күтүлүп жаткан оор сынактын бири - тамак-аш табуу. Катышуучулар калк жашабаган аймактан орун алгандыктан азык-түлүк таап жеши керек болот. Кызыктын баары алдыда.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Катышуучулар:

Азамат Аманидинов, 31 жашта (Бишкек).

Азамат Мамбетов, 35 жашта (Талас).

Айгерим Ибрагимова, 19 жашта (Бишкек).

Деңиз Маданбеков, 25 жашта (Жалал-Абад).

Замира Хатамова, 38 жашта (Чүй).

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов, 33 жашта (Чүй).

Ырчы Айгерим Эшим, 25 жашта (Чүй).

Ырчы Кудайберди Айтбосунов, 26 жашта (Ысык-Көл).

Ырчы Калыс Жакыпов, 20 жашта (Нарын).

Ырчы Нуркыз Кожонова, 30 жашта (Жалал-Абад).

Ырчы Назэль, 34 жашта (Чүй).

Ырчы Саниа Абдукаарова (Бишкек).

Ырчы Шерхан Абкулов, 25 жашта (Талас).

Ырчы Марс Мамаев, 31 жашта (Чүй).



Рэп окуган Чыпалак баатыр, телефонсуз калган катышуучулар (1-күн)

Автор: Алтынай Тынышова, Айжан Нурманбетова
Оператор: Айбек Алимов, Руслан Алыбаев, Батыр Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
14.09.2019. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
924
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:31
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иши кылып биздин менталитетке туура келчи долбоор болсунда уят болбой тантучуулар тантырабай)
14.09.2019. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
16-10-2019 21:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Суукта "Жылаңач баатыр" болбой эле койгулачы)))
14.09.2019. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-03-2019
Соӊку аракети:
24-10-2019 03:38
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чыпа ачкадан олот дейм))
14.09.2019. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
22-10-2019 23:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
+6
Качан чечинишет эми булар,ыя?Батырак чечиндиргиле)))
15.09.2019. 00:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
15-07-2019
Соӊку аракети:
24-10-2019 03:45
Жынысы:
Белгисиз
+9
Казандын капкагын ачсан дагы Зарылбек(чыпалак) чыкга турган болуп калды окшойт
15.09.2019. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
386
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калыс жакыпов чоон жигит болуп калыптырго. Ал 18ге чыга элек болсо керек?
15.09.2019. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
24-10-2019 01:09
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ийгилик каалап коелу да. Последний геройду туураса деле эмне экен. Зато жаштар телефон жок,условия жок жашап тамак таап жеп корушсун. Жаңы бир нерсе ойлоп таап жатышса да жактырбай сүйлөнө бересиңер. Изденип иштөөгө аракет деп бааладым мен.
15.09.2019. 03:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
236
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемеден тушкуч тепкичи кантет
бироо жарым тушуп кетип жатып тоголонуп кетсе эмне болот
15.09.2019. 03:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
23-10-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
0
Темасы эле жарашпай калыптыр, уккан кишини чочутуп. Бирок сонун идеа, канча жылдан бери чет жердемин керемет сонун оюндар болуп турат.Биздин салтка(менталитетке)ылайыктап уюштурса эмнеге болбосун эн сонун идеа! Кийинки сезондорго мумкун болсо катышып да каларбыз.
15.09.2019. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
23-10-2019 15:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Катышуучулардын бирин дагы тааныбайм го)),таанымалдар тойдон калабыз деп катышпайт да э.
15.09.2019. 10:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
11-08-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 13:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болгон ойун
15.09.2019. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1038
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
23-10-2019 23:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+1
Кыргызстан бүт эле ырчы болуп кеткенби? Же ырчылардан башка эч ким жылаңачтангысы келбеген окшойт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: