super.kg logo

Ката басылган окуу китептерин мугалимдер өздөрү оңдоп жатат

 

Жыл башында Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата мектептер жаңы, заманбап окуу куралдары менен 83 пайыз камсыздала турганын билдирген. Жаңы китептер келип, мектептерге таратылгандан кийин жарандык активисттер окуу китептеринде орунсуз каталар көп экенин айтып чыгышкан.

Быйылкы окуу жылында көбүнчө 5-6-класстардын кыргыз тили, математика китептеринен каталар табылган. Сентябрь айында окуу жылы башталары менен мектептерге ката жазылган китептер түшкөн. Бул тууралуу ата-энелер жана мугалимдер социалдык тармактар аркылуу билдирип жатышат.

Алардын бири Суусамыр өрөөнүндөгү Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин мугалими Элмира Койчукеева китептеги каталарды оңдоо мугалимдерге кошумча түйшүк болгонун жазган.

"Бизге Билим берүү министрлиги тарабынан китептерде ката кетирилгени айтылып, аны оңдоо тууралуу тапшырма келген. Мугалимдер ар бир китепти текшерип, ката кеткен жерлерин оңдоп, тиешелүү тараптарга жибердик. Бизге кошумча жумуш болуп, оорчулук алып келди. Эң жөнөкөй көнүгүүлөрдөн эле каталар кеткен", - деген ал.

Мындан улам SUPER.KG порталы аталган абал боюнча министрликтин жана тиешелүү тараптардын үнүн угууга аракет кылды.

Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов катасы бар китептер чын эле болгонун, аны оңдоо тууралуу министрлик ачык тапшырма бергенин айтты.

"Билим берүү министрлиги китепканачыларга жана мугалимдерге китептердин каталарын оңдоо боюнча ачык эле тапшырма берген. Союз учурунда деле эгер китепте каталар кетип калган болсо, кичинекей барак чаптап, түзөтүү киргизип коюшчу. Бирок ал учурда ката дээрлик кетчү эмес. Ал эми азыр китептерде каталар көп кетип жатат. Кээ бир китептерде ката аз болсо, кээ бир китептерде бир баракка чейин каталар бар экен. Аларды өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Бул китептер Индия өлкөсүнөн талаш-тартыш менен басылып келген китептер”, - деди Токтомаметов.

Ал эми Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин китепканачысы Бурулча Сатыбалдыева төмөнкүлөргө токтолду.

"Ооба, ката китептер биздин китепканага түшкөн. Китептердин текстинин ичинен бир тамгадан, бир сөздөн же сүйлөмдөн кеткен каталар бар. Аларды карап, туурасын китептин мазмунуна тиркеп койгула деген тапшырма болгон. Шаардан "бул китептерде, мындай каталар бар, аны оңдогула" деп, оңдолгонун көрсөткөн далилдери менен кошо кагаздарды жөнөтүшкөн. Бирок китептер окуучуларга таратылып кеткендиктен, алардан китептерди жыйнап алып карагыла деген тапшырма болду, - деди ал.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, натыйжалуу жооп ала алган жокпуз. Министрликтин маалымат катчысы Марина Гречанная кыскача төмөнкүлөргө токтолду.

"Авторлор басма үйлөрү менен бирге бул ишти бүтүрүшү керек болгон. Анткени ал экөөнүн ортосунда келишим болот. Министрлик бул суроого азырынча жооп бере албайт", - деди ал.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
13.09.2019. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
16-01-2020 19:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мигранттар жашаган шаар
+7
Өтө-өтө сабатсыздык. Мактаган Каныбек агайлары ушул каталарды жоё алар бекен. Өзү жанагы сабатсыз катынды бул минситрликтин башына алып келбей эле коюш керек эледа, министирликтин баарынын ашмалтайын чыгарып кетти!!!
13.09.2019. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 00:48
Жынысы:
Белгисиз
+5
Китептен баштап аттестат дипломго чейин ката. Келечекте дагы кандай каталар кутуп турат белгисиз.
13.09.2019. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 22:31
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол ката китепти окуган окуучулар! Жонокой элди ойлогон. Чондорду талап тоногон, Эр азамат болуп чонойушсун.
Samatalibei түзөттү 2019-09-13 21:35:56
13.09.2019. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1897
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
19-01-2020 23:43
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол ката жазган тексттин авторлорун жоопко тартыш керек или оздорун толотуш керек.Ещё экинчи жолотпош керек мындай иштерге!
13.09.2019. 21:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 08:50
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кыргыз тилинде кыйратып китеп чыгара албаган министирликке латын алфабитине отконду ким койуптур.Силер баштап кыргызча туура жазганды уйронгуло.Латын арибине отуу учун миллиарддаган акчалар керектелет.Кыргызча окуу китептерин туура жазып чыгара албайсынар,латын алфабитинде олосунор эл-журтка шерменде болуп.
13.09.2019. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
654
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
18-01-2020 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
saxalinskaya, эң туура
13.09.2019. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
243
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
19-01-2020 16:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+2
saxalinskaya,сынчынын сыңар өтүгү майрык)) алфабит эмес алфаВит, койуптур эмес коЮптур!!! Китепти басып чыгаргандар дипломду акчага алган поколения. Эми мындан ары көпкө чейин бул илдеттен арыла албайбыз!!! Себеби билим берүү деңгээли өтө төмөн болуп кетти бизде!!! ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-16 09:22:27
14.09.2019. 07:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 08:50
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,сиз деле поколения эмес муун деп,утур,чекит сыяктуу белгилерди орду менен жазсаныз болмок экен мени сынагандан мурда!!!
saxalinskaya түзөттү 2019-09-14 07:44:35
14.09.2019. 01:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
624
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
20-01-2020 08:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер.кж китеп басып чыгарган басмаканаларга, силерге корректор кереги жок беле? Чын эле корректор болуп берейин, оригиналды карабай эле тууралап бермекмин. А то спикерибиз, министрлерибиз, депутаттарыбыз баары эле ката жазышат, анан кийинки муундарыбызга кантип таалим-тарбия бере алабыз билбейм
14.09.2019. 07:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 08:50
Жынысы:
Белгисиз
-1
PROS,мен карапайым уй кожейкесимин, каталар болсо болгондур.Билим беруу министрлигинде же болбосо басмаканада иштесем бир жон эле.Туура алфавит болот,башында коюптур деп жазып кайра койуптур деп кыргызча жазгам )))
14.09.2019. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
20-01-2020 08:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
Учкун басмаканасынын директору зоотехник. Талас айыл чарба техникумун буткон. Анан кантип туура жазылсын китеп
14.09.2019. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 22:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин балам ушул ката китепти окуп жатканда мен караап туруп уяламда элита болсок уялат экенсин.
15.09.2019. 08:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
456
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
20-01-2020 07:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуңардан келбесе ХХХХ чыгарасынарбы ХХХХ атестат алсаң анда да ката күбөлүк алсаң анда да ката права ( айдоочулук күбөлүк) алсаң анда да ката китеп алсаң анда да ката деги туура баскан басмакана табылаар бекен же ошолорду текшерип туруусун тууру катасын ката деген бир жан келээр бекен бешенебизге
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-16 09:49:29
16.09.2019. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
05-01-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 17:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эми кыйратып коюшкансып ар бир китепке 25сомдон аренда төлөтүп жатпайбы!!! Акмактар!!Жетишпеген китептерин сатып бере албай атканда эми арендасы чыкты. Жаңы министр бул тууралуу билет болду бекен? 3-4 баласы окуган уй бүлөлөргө кыйын эле болуп калат экен. Тем более үйдө бирөө эле иштесе. Жылдан жылга жашоо кыйындап баштады. Ушинтип отурса балдарды мектепке да окута албай калабыз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136295;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: