super.kg logo

"Моя прекрасная няня" сериалынын жылдызы Анастасия Заворотнюк рак илдети менен күрөшүп жатканы айтылды

 
"Моя прекрасная няня" сериалынан кадр

"Моя прекрасная няня" сериалы аркылуу белгилүү болгон орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап жатат. Ал учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, актриса Европадан келгенден кийин ден соолугу начарлап, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Азыркы маалда бейтап дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Ал эми актрисанын жолдошу Пётр Чернышев күнү-түнү ооруканада. Дарыгерлер медициналык кароо жасагандан кийин актрисага акыркы стадиядагы баш мээнин рагы деген диагноз коюшту.

Анастасия Заворотнюк 2018-жылы кыздуу болгондон кийин онкологиялык дартка кабылганы белгилүү болгон. Мындан улам ал Польшага барып дарыланып келген, бирок андан көңүл жубатарлык жыйынтык болгон эмес.

Буга чейин актриса ракка кабылганы тууралуу кептер тарап, бирок Заворотнюк ден соолугу тууралуу билдирүү жасаган эмес.

Анастасия Заворотнюк 1971-жылы Астрахань шаарында төрөлгөн. Ал "Айка", "Машенька", "Служебный роман", "Мамы" жана башка тасмаларда жана бир нече сериалдарда роль жараткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.09.2019. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаман болуптур. Рак деген оору кобойду
13.09.2019. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 22:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Татарстан
+4
Ылайым жакшы болуп кетсин.
14.09.2019. 08:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанна Фриске да баласын төрөгөндөн кийин рак болуп өлдү. Бул байкуш да айыгып кетсин
15.09.2019. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-10-2019 09:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Бечара жагат ушул. Ледниковый периодду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: