super.kg logo

"Ушул жолдо жүргөнү үчүн он миң сом бересиң". Чаткалда айдоочуну бир нече саат жолдо коркутуп кармап турган жарандар кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген жаран "опузалап талап кылуу" беренеси менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун тургуну Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу унаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран унаа менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн Болот деп тааныштырып, "ушул жолдо жүргөнү үчүн он миң сом бересиң" деп коркутуп, айдоочуну 3-4 саат жолдо кармап турушкан.

"Бул факты Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап талап кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жалал-Абад ОИИБинин жана Чаткал РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делинген “Басмач” каймана аты бар 30 жаштагы Чаткал районунун тургуну У.Б. жана анын кылмыштуу шериги 22 жаштагы С.Д. кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынышкан. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.09.2019. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
07-04-2014
Соӊку аракети:
26-09-2019 01:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атыш кк мындайларды онолбойт
13.09.2019. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
550
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 11:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызды кыргыз жеп жок кылат.
13.09.2019. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 07:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
Срочно требуется жёсткий закон.
13.09.2019. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
18-07-2011
Соӊку аракети:
22-10-2019 13:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
Өткөн бир кабарда да ушул чаткал жолу боюнча бир эже кайгырып жазган эле менин баламды жолдо токтотуп акча талап кылып коркутуп бербегенинен атып салган деп, жол көзөмөлдөө кызматы карабайсынарбы ушундай нерселерди.
14.09.2019. 07:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-06-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 07:46
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz,карашат алар и жаап жашырып атын айтпай суротун толук чыгарбай кайсыл жактан екенин айтпай турса буларды ким билет камалдыбы жокпу эч ким билбейт С Ф нын жазган малыматы кармалды А менен Д х** поймёшь кийин эмне болгонун С Ф кийин эмне болгонун ким кармалганын озуу да билбейт офисте олтуруп С К кармалыптыр ичкииштер министр айтты деп койот.
Nurik929394nur түзөттү 2019-09-14 07:15:49
14.09.2019. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
10-03-2019
Соӊку аракети:
20-10-2019 19:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай айбандарды омур бою камай турган кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132663;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: