super.kg logo

Ош шаарында Аравандагы абал боюнча жыйын өттү

 

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарында Аравандагы абал боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова SUPER.KG порталына билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

"Керкидан суу сактагычында болгондо дагы биздин аймакта эмес, делимитация болгон жердин ары жагындагы өзбектер тарапка жакыныраак жерде куруу иштери башталган экен. Мындан улам биз тараптагылар нааразычылык билдиришкен.Тиешелүү тараптар барып ал жакты тактап, абал менен жеринен таанышкан. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн негизинде куруу иштери токтотулган. Аймак учурда стабилдүү, бардыгы үйлөрүндө. Аравандагы абал боюнча республикалык комиссиянын мүчөсү Байыш Юсупов бүгүн, 11-сентябрда процедуралык жыйын өткөрдү. Жыйында ал жактагы абал тууралуу талкуу жүрүп, тапшырмалар берилди. Жыйын өзгөчө кырдаалдан улам өткөн жок. Тактап кетчү жагдай, аталган аймакта өзбек-кыргыз дагы урушкан эмес. Өзбек чек арасындагы жашоочулар менен кыргыз чек арасындагы жашоочулар ортосундагы талаш суроолуу маселелерге жооп берилди", - деди Кадырбекова.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган аймакка эртең, 12-сентябрда барып таанышат. Өкмөт өкүлүнүн аймакка эртең барып таанышуусун маалымат катчы өкүлдүн башка аймактагы пландалган жолугуушулары себеп болгону менен түшүндүрдү.

Эскерте кетсек,10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Кыргыз өлкөсү менен чектешкен Араван районундагы Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп киргени Кыргыз жарандарын нааразы кылып, эки тараптын пикир келишпестигине жем таштаган. Абал менен жеринен таанышкан Араван районунун акими окуя боюнча түшүндүрмө берген.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.09.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
560
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
16-09-2019 18:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абал тынч эл тынч деп .Жер тууралуу эч ким жазбайт го жерлер чындап эле отуп кеткен окшойт.Озу президент баш 91- жылдан бери чек ара да канча жерлер отуп кетти ушул маалга чейин ошолорду текшериш керек .Меним оюмча коп жерлер отуп кеткен окшойт .
11.09.2019. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
16-09-2019 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абал ар дайым тынч биздин бийликке.
11.09.2019. 20:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
440
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
16-09-2019 14:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аравандын эли барбы бул форумда,туз эфир кылып жазсанар
12.09.2019. 06:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
06-03-2019
Соӊку аракети:
16-09-2019 18:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гарыш жерди дагы бербеш керек,бул бийлик нени чечип атат озу,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
131175;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: