super.kg logo
«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Дагы келдиңби?". Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн табыптын акыркы сөзүн небереси коңшуларына айтып берди

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүнүн короосунан табылды. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн, денесине 9 жолу миздүү нерсе сайылганын милициядан билдиришти.

Маркумдун кошунасы Арзайым аттуу аял ал тууралуу буларды айтып берди. Анын айтымында, коңшусу эч кимге зыяны жок адам болгон.

"Анын сөөгү бүгүн, 9-сентябрда жерге берилди. Эч кимге зыяны жок, элге пайдасы гана тийген аял болчу. Азыр көп адамдар кабарды угуп алып ыйлап келип жатышат. Жаш кезинде акушер-гинеколог болуп иштечү. Менин кызымды да төрөткөн. Өтө карапайым эле. Себеби көп адамдар ооруп калса же балдарыбыз сыркоолосо кайрылчубуз. Өзү сыныктарды бат айыктырчу. Үйүндө мал багып, жер-жемиш өстүрүп, өзүнө тың аял эле.

Кошунамдын 2 эркек, бир кызы бар. Көп жылдар мурун кичүү эркек баласын өлтүрүп кетишкен деп айтышат. Кызы болсо Орусияда. Ал эми улуу баласы биздин айылда, бирок апасынан бөлөк жашайт. Өзү болсо, каза болуп калган уулунун кызын кичинесинен багып алган. Ал мектепте окуйт. Окуя болгон үйдө ошол небереси экөө жашачу. Баласы киши колдуу каза болгонун айтып, "акыйкатсыздык болуп калды" деп көп ыйлачу.

Милиция кызматкерлери кылмышкерди үч күндөн бери издеп жатышат, табыла элек. Баарыбыз эле мыкаачынын табылышын тилеп жатабыз. Үйдөгү небересинин айтымында, ал болгону чоң энесинин "дагы келдиңби?" деген эле сөзүн уккан. Андан соң уктап калган. Качан гана үй өрттөнүп, түтүндүн жыты мурдуна келе баштаганда кыз ойгонуп, кошунасынан жардам сурап барыптыр. Ал келип, короодо көмкөрөсүнөн жаткан коңшубузду, алыс эмес жерде кан болгон бычакты көрүптүр.

Орусиядан кызы каза болгон уулунун аялы келди. Алардын айтымында, үйдөн эч кандай акча алынган эмес. Баары ордунда. Ошондой эле бычак башка жактан келген. Себеби үйдө андай бычак болбогонун айтышууда. Азыр коңшулар, өч алууну көздөгөн адамдын эле колунан келген деп божомолдошууда", - деди маркумдун коңшусу Арзайым.



Өзгөндө 71 жаштагы табыпты өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.09.2019. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:35
Жынысы:
Белгисиз
+11
демек тааныш эле адам олтуруптур да
10.09.2019. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
14-11-2019 13:07
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менин ойумча бул Эжени конкуренттери эле олтуртту окшойт заказ менен бул эже сыныктарды аябай жакшы билет эле элдин баары ушул эжеге келип корунушуп жакшы болоондор миндеп саналат эле
Super TV
10.09.2019. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
26-09-2011
Соӊку аракети:
01-10-2019 15:45
Жынысы:
Белгисиз
0
ии жайы жаннаттан болсун жакшы кемпир болчу жазда баргам белим ооруп баспай, томографияда остеохондроз деп койгон,чыгып кеткен экен коп жыл болгон болчу ошону салып берген азыр кудайга мшугур женил жугуруп журом. менден акчада алган эмес болчу коп кыйналыпсын деп.
10.09.2019. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
08-12-2018
Соӊку аракети:
17-11-2019 18:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балким,баласын олтургон адам олтурушу мумкун.Анткени,эненин журогу сезгич болот го.Акыйкатсыздык болуп калды деп коп ыйлачу деп турат го.Билген болсо керек баласын ким олтургонун.
10.09.2019. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласы наркоман эле ошол болушу мумкун деген да божомолдор бар экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: