super.kg logo

Баш байгеси 5 миң долларды түзгөн эл аралык сынакта кыргыз комузчулары жеңүүчү аталды

 

Кыргыз өлкөсүнүн комузчулары Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн "Шарк таронлары-2019" эл аралык салттуу музыка сынагында биринчи орунду ээледи. Анда жаш таланттар Эламан Каныбеков жана Айбек Каныбеков биринчи орунду багындырышты. Мындай маалыматты комузчу Эламан Каныбеков билдирди.

Сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтөт. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салттуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышкан. Сынактын баш байгеси 5 миң долларды түзгөн.

Жеңүүчүлөр Карамолдо Орозовдун “Жаш кербез”, Нурак Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, Атай Огомбаевдин “Ак тамак - Көк тамак” жана Ниязалы Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Эл аралык сынактын калыстар тобуна Кыргыз Эл артисти Роза Аманова мүчө болгон.

Эламан Каныбеков менен Айбек Каныбеков М. Абдарев атындыгы музыкалык мектеп интернатынан, кийинчерээк К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алышкан.

Учурда Эламан Каныбеков Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук ансамблинде комузчу, мындан тышкары М. Абдарев атындыгы музыкалык окуу жайында сабак берет. Ал эми Айбек Каныбеков К. Орозов атындыгы ансамблинде эмгектенет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2019. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
24-10-2019 01:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар
02.09.2019. 17:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
15-09-2019 02:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сыймыктанып окудум! Азаматтар! Кыргыз эли сыймыктанат силердин талатныңар менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: