super.kg logo

Август айында региондордо О! операторунун 4G LTE-түйүнүнүн 150дөн ашуун жаңы базалык станциялары иштеп баштады

 

О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнү бүт өлкөгө жайылуусун улантууда. Бул окуя өзгөчө Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата абдан актуалдуу.

Август айында компаниянын адистери тарабынан жалпы 150дөн ашуун 4G LTE базалык станциялары техникалык жактан модернизацияланды, натыйжада, борбор шаарда гана эмес, алыс жайгашкан райондордо да байланыш сапатын кыйла жакшыртууга мүмкүн болду.

Жакында аткарылган техникалык иштер төмөнкү калктуу конуштарды камтыды:

  • Чүй облусу: Төө-Ашуунун боюндагы Бишкек-Ош унаа жолунун бөлүгүндө, Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларында, Чоң-Арык штк жана Панфиловское, Орто-Сай айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында, Пионер, Жергез айылдарында;
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, ошондой эле Жаңы-Арык, Телек, Сары-Булак, Ак-Муз, Өзгөрүш, Талды-Суу, Ак-Кыя, Көк-Жар, Ак-Моюн, Ат-Башы айылдарында;
  • Талас облусу: Талас шаарында жана Боо-Терек айылында.

О! Мобилдик оператору – кыргызстандыктарга 4G LTE маалыматтарын жогорку ылдамдыктагы өткөрүү технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн биринчи болуп берген өлкөнүн эң ири байланыш оператору болуп саналат. Бүгүн О! – Кыргызстандагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! операторунун жогорку ылдамдыктагы кеңири тилкелүү интернетинен өлкөнүн калкынын 95%ынан ашуун бөлүгү пайдаланат.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
30.08.2019. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
890
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 18:37
Жынысы:
Белгисиз
0
А жакшы Ош жалалабатка Баткенге да койсонор айылдарына
30.08.2019. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда 4G эмес байланыш начар Токтогул району Актектир айылы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: