реклама
super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды Тарых музейине экспонат катары тапшырам дейт

 

Интернет желесине мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен Арстан Алайдын Тарых музейинин алдында талашып-тартышып жаткан видеосу тарады. Экөөнүн жоругун коомчулук талкуулап жаткан чагы.

Видеодо көрүнгөндөй, алгач Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды Тарых музейине ээрчитип барган, бирок ал жер бек болгондуктан, алар маегин музейдин алдында улаган. Видеодон Бакир уулу Арстан Алайды экспонат катары Тарых музейине өткөрүп берүүнү көздөп жатат дегенди угууга болот.

Тарых музейинин жабык экенин билишкенден кийин алар "мусулманчылык" жана "теңирчилик" деп кайым айтышып жатканын көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Арстан Алайга кайрылуу жасаган. Ал Арстан Алайдын буга чейин өзүнө карата айтылган сөздөрүнө жооп берип, анын жасаган иштерин туура эмес деп сыпаттаган. Кайрылуусунда экс-акыйкатчы жума күнү Тарых музейинде Арстан Алайды күтө турганын кошумчалаган.



Турсунбай Бакир уулу менен Арстан Алайдын жоругу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.08.2019. 19:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1999
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
29-03-2020 07:20
Жынысы:
Белгисиз
+12
Каарыганда калжандап бул экооно эмне жок экен эми?Тынч жашаш жок экен да,интернетте бири бири менен катындардай ажылдашып элге соз болуп.
23.08.2019. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
29-03-2020 00:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
+11
Тарых музейи жабык турганына 2 жыл болду, ошону билишпейт бекен
23.08.2019. 20:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
301
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
28-03-2020 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турсунбай аман эле болсун, кечке интернеттен башы чыкпайт, ар кимине бирден жооп берип, жада калса аялына келген коменттерге жооп берип олтурат ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-08-26 09:11:52
Медиа-портал
24.08.2019. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
27-03-2020 14:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
+5
Уужасс
24.08.2019. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
28-03-2020 08:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир адамга ыйман берсин! Турсунбай Бакир уулу келинин колудан чай ичеер жашта. Бул болсо журот балдарына памперс ташып, жаш кыздарды алып! Ажырашкан аялдарын да тынч койбойт аркасынан жамандап терс комментарии берип.
24.08.2019. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
29-03-2020 04:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтуу Кок-Арт ороону.
-2
Баткенди террористер басып солдаттарды япон геологторун генерал Шамыкеевди барымтага алганда Кабулга чейин барып террористтердин башчысы менен сүйлөшүп, бирок ал жактар араң качып келип Баткенге барып туткундарды аман эсен куткарган адам. Көп жамандай бербегиле. Турсунбайдан башкасы төшөк жаңыртпай жүрүптүрбү?
Медиа-портал
25.08.2019. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
262
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
29-03-2020 00:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Кымындай кыргыз экиге бөлүнүп алып кырылып жатат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: