super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Премьер-министр: "Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармайт"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында "Вертекс Голд Компани" тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Вертекс Голд Компани" компаниясы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенди лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан. Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.

Өкмөт башчы Жамгыр кениндеги компаниянын бардык өндүрүштүк пландарын толук кандуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз аймактарды өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашырып жатабыз жана бул иште өндүрүштүк потенциалы бар алыскы райондорго артыкчылык берилет. Албетте, бардык экологиялык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурабыз. Бул маселени өкмөт өзгөчө көзөмөлдө кармайт жана коопсуздук ченемдерин кынтыксыз аткарууну талап кылат", - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык коопсуздук талаптарынын аткарылышын талап кылуу менен бирге инвесторлорго көмөк көрсөтүүнү тапшырды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.08.2019. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
15-11-2019 19:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак эле экенсинерго
Кийинки муунга бир нерсе калтырасынарбы? Казылып жаткан кенден ким, Кыргызстандын кайсы жараны пайда коруп жатат? Мамлекет ал акчаларга эмне иштерди жасап жатат? КР онугуп жатканы, мага сезилген жок. Мигранттардан жылына 2 млрд доллар келет, элдер кредит толошот 1 млрд ка жакынын. Айтор элди жерди ар кандай жол менен тоноп эле жатат, тушунгон кишиге
15.08.2019. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
405
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
15-11-2019 16:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Zidan2, Азыр инвесторлор мыйзамды, экологияны сактап иштеп жатат.
15.08.2019. 21:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
14-11-2019 08:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Талас облусундагы Шыралжынды дагы текшерсенер болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133760;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: