super.kg logo
«Жылдын супер клиби» (Добуш берүү токтотулган)


Гүлжигит Калыков, «Эне жөнүндө баллада»
31,8% (431)
Гүлжигит Сатыбеков & Улан Осмон уулу, «Өмүр»
30% (406)
Чолпон Талипбек, «Таппадым сендей»
16,7% (226)
Сайкал Садыбакасова, «Жан кызым»
8,6% (116)
Кенже Дүйшеева & Кубаныч Сатаев, «Жан досум»
4,8% (65)
Адилет Азимов, «Сүйүү кечи»
4,5% (61)
Назми & Курал Чокоев, «Бул ким?»
3,6% (49)

Жалпы добуш (1354)


Эсептөө палатасынын инспектору үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылган

 

Эсептөө палатасынын инспектору Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

"2019-жылдын апрель айында инспектор Э.К. Ленин райондук №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылган. Аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 миң сом берген. Кийинчерээк калган акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында бул факты аныкталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

26-июлда инспектор кармалып күнөөсүн моюнга алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Ал эми оорукананын кызматкери Ш.М.га карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.08.2019. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
15-12-2019 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
0
Бизде да счетный палата бар. Текшеруудо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
135052;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: