super.kg logo

"Таппадым сендей" чыгармасы менен "ооруп жүрдүм" деген Чолпон Талипбектин клиби "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" клиби толуктады.

"Бул чыгарма менен "ооруп жүрдүм" десем болот. Анткени үйдө жүргөндө, досторум, тааныштарым менен жолугуп отурганда деле ырдай берчүмүн. Кийин апам менен сиңдилерим "бул чыгарма сенин аткарууңда назик угулат экен, аткарып чыкпайсыңбы" деп калышты. Дароо эле Өктөм Сапар уулуна барып өзүм каалагандай аранжировка жаздырдым. Чыгарма угармандарга тартуулангандан кийин жакшы пикирлерди көп уктум. Ал эми клипти университетте чогуу окуган тайпалашым Канат Асанакунов тартты. Клипти тартуу үчүн 2 апта даярдандык. Команда мыкты болгондуктан клип 2 күндө тартылды", - дейт ал.

7-АВГУСТТАН 14-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Анжеликанын "Айта берем" видеокомпозициясы камсыздады.

8-орун - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасына буюрду.

7-орунга - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы жайгашты.

6-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы багындырды.

5-орунду - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" композициясы ээледи.

4-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклибине буюрду.

3-орун - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби бул аптада алдыңкы үчтүкктөн орун алды.

2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы камсыздады.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурмат Садыровдун "Келчи" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.

Сүйүктүү видеоклипиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.08.2019. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
17-01-2019
Соӊку аракети:
23-08-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун ырларды бузуп бутушту
14.08.2019. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
01-12-2014
Соӊку аракети:
23-08-2019 11:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Ырдабай эле койсоң болмок экен.Бузуп коюптурсуң.А чынында ырга сөз жок.Ырдай алган адамдар ырдаса.
14.08.2019. 16:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
25-07-2012
Соӊку аракети:
22-08-2019 23:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Ушул ырды Чолпон Камчыбекова ырдаган сопсонун кыргызча так,даана эле ырдаган.Ал деле сага окшоп бир канча тил билет.
Сен болсо жаңы кыргызчаны үйрөнгөн жаш баладай ырдайсың.Ушинтип жатып көнүмүшкө айлантып тилди бурмалап бузасыңар.Ошол акценттин үстүнөн иштеп оңолсоңор болот да.Сыягы өзүнчө укмуш угулуп жатам деп ойлойсуңар го.
14.08.2019. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
23-08-2019 16:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
+2
Arinsa,менда ошентип ойлогом
14.08.2019. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
23-08-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Слишком эзип салган ырды назик ырдайм деп атып,ким мактап атты экен билбейм,дос,туугандары эле болбосо)))бирок аранжировкасы жакшы
16.08.2019. 23:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-08-2019
Соӊку аракети:
19-08-2019 09:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөн эле койбоптур жакшынакай ырды бузбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
130250;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: