реклама
super.kg logo

Солтон-Сарыдагы чыр: Жабыркагандар жаңжал кантип башталганын айтып беришти

 

SUPER.KG порталынын кабарчылары Нарын облустук бириктирилген ооруканасына барып, Солтон-Сары алтын кенинде чыккан чырдан жабыркагандар менен жолукту. Алар андагы жаңжалдын кандайча башталганын, окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Адилет КурмановАдилет Курмановдун мурду сынып, бели, буту, колдорунан жаракат алган. Учурда дарылануусун улантууда. Алар чырдын келип чыгышы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

"Биз, досум экөөбүз жумуштар менен тоого баратканбыз, жолдон машинанын суусу ысып кетип токтодук. Жаныбызда кытайлык жумушчулар бар эле, аларга суу сурап кайрылдык. Бирок алар бизди түшүнбөй калыштыбы, ысык суу чачып жиберишти да артынан 15 чактысы чыгып, колдорундагы күрөк, кетмен, айтор эмне болсо ошо менен чапкылап башташты. Биз болгону коргонууга аракет кылдык. Араң дегенде алардан качып кутулдук. Азыр дарыгерлер жакшы карашууда. Баш мээм көбүрөөк чайкалыптыр, башым айланып жатат. Айрымдар бизди өздөрү ичип алып ызы-чуу салышкан деп айтып жатышат, бирок наркологиядан таза чыктык", - деди Курманов.

Ал менен чогуу тоого бара жаткан досу Жайыр Темир уулу ошол күнү унааны башкарып бара жаткан. Айтымында, Адилет Курмановдун ата-энеси жана өзүнүн иниси Тер-Суу жайлоосунда болгондуктан алардан кабар алуу үчүн жолго чыгышкан. Алар Оттук айылынын тургундары.

Жайыр Темир уулу "2-августта Адилет досум экөөбүз Кер-Суу жайлоосуна бара жатканбыз. Жолдон унаамдын суусу ысып кеткендиктен токтоп калдык. Жаныбызда кытайлык компания бар экен, суу суроо үчүн алар жаткан чатырга бардым. Бирок тил билбегендиктен унааны көрсөтүп суу деп жаңсадым. Алар түшүнбөй чочуп кетишти окшойт. Бири жылуу сууну мени көздөй чачып жиберди. Анын артынан 10-15 жумушчусу колундагы күрөк, кетмен дагы башка куралдары менен бизди көздөй келип, чапкылап жатышты. Биз качып, айланадагыларды жардамга чакырдык. Бизге электрошокер да колдонушту. Машинага жетип келип от алдырсам от алды, ошону менен качтык. Жолдо келе жатканда бир колум иштебей калды, башымдан кан агып, көзүм тунарып, эсимди жоготтум. Эсиме келсем унаа менен бир чуңкурда жатыптырбыз. Досумду амансыңбы деп сурадым, ал да кан болуп отуруптур, экөөбүз араң унаадан түштүк, ошол учурда бир агалар өтүп бара жаткан экен ошолор Оттук айылына алып кетишти.

Андан кийин ооруканага, РИИБге, экспертизага, наркологго бардык. Бирок облустук оорукана орун жок деп кабыл албай койду. Кайра үйгө кайтып баратып башым ооруп чыдабай калганда арак ичсем айыгып кетет го деп 2-3 стакан арак ичтим. Ага чейин ичкен эмесмин. Эми айрымдар бизди өздөрү мас болуп барып чыр салган деген туура эмес кепти таратып жатышат.

Азыр абалым жакшы, кыргыз төшөктө өлгөнү жатса да "жакшы" дейбиз. Мен да жакшы дейин. Бирок оору кете элек. Бул жакта он күндөй дарыланабыз, андан айыкпасак борборго барып жакшы клиникалардан дарыланабыз", - деди ал.

Бактыбек ЖаналиевБактыбек Жаналиев кийин жергиликтүү тургундар менен кошо Солтон-Сарыга баргандардын бири.

"Кытай жумушчуларын тоодон ылдый түшсүн деп жатканбыз, бирок түшпөгөндүктөн техникасын айдап кетсин дейбиз деген ойдо барсак, таш ыргыта башташты. Ошондо таш мурдума тийген эле, бир кезде эсимди жоготтум. Ойгонсом жанымда бир чоочун киши отуруптур. Туруп алып элдин шары менен жүрө бердим, кийин башым айланып, кан токтобой баштаганда ооруканага бардым.

Эл менен кошо Солтон-Сарыга барганга мажбур болдум. Анткени адегенде өзүмдүн көздөрүм чылпактап, кийин балдарымдын көздөрү чылпактап баштады. Көз талып ооруйт, кийин малдын көздөрү да ошенте баштады. Мындан улам кен иштеткендерге каршы чыгууга мажбур болдум", - деди Жаналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин кытайлык компаниянын 20 жумушчусу жабыркап, ооруканага жаткырылганын маалымдаган.



Солтон-Сарыдагы чыр кантип башталган?

Автор: Кызжибек Раимова, Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.08.2019. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
359
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кытай басып кетпегей эле Кыргызстанымды. Биз го мейли, келечек муундар кантет дейм да. Өзүм талаалап Россейде жүрсөм.
07.08.2019. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
602
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
05-04-2020 15:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+9
Кытайлар менен тен суйлошуштун эн негизги жолу болушунча эртерээк карыздан кутулуу керек,карыз барда биздин чондордун тили байланган,биз акчаны баарынан бийик койсок бизге жакшы башчы дагы келбейт олконун эгемендуулугу коркунучта тура берет.
07.08.2019. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
766
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyz_bloger, өзүлөрү жеп жутуп коюшкан да чоңдор, ошолордун мүлкүн конфискация кылып мамлекетке өткөртүш керек
Aikaaaa түзөттү 2019-08-07 21:06:29
07.08.2019. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
435
Катталган:
19-06-2018
Соӊку аракети:
08-01-2020 15:29
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кытайларды кууп чыгыш керек. Кыргызстанга кытайлардын кереги жок. Жаман окуя болуптур.
Bektur2011 түзөттү 2019-08-07 15:59:41
07.08.2019. 17:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
05-01-2019
Соӊку аракети:
05-04-2020 16:18
Жынысы:
Белгисиз
+10
Инвестордун пайдасын ким көрүп атат? Эл
эчтекесин көрбөгөнү үчүн ушундай болуп жатат?
07.08.2019. 20:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
559
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
05-04-2020 12:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+4
Келишимди ким түзсө ошону камагыла
08.08.2019. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
02-04-2020 18:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуна тушсонор бышырып жейт болчу кытай. Бийлик талашып олгучо карыздан кутулбайлыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140601;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: