super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы "Майлуу-Суу лампа заводунун" иши менен таанышты

 

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусундагы "Майлуу-Суу лампа заводунун" иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миң 700дөй жергиликтүү тургунду иш менен камсыздаган заводдо лампанын ондогон түрлөрү чыгууда. Дастанбек Жумабеков завод боюнча өз пикирин билдирди. "Биз ар дайым 10 же 100 жумуш орунун түзөлү деп инвестор издейбиз. Аларга жер таап берели, шарт түзөлү деп убара болуп жүрөбүз. Бирок 1 миң 700 адамга жумуш берген заводду колдой албасак, анда өнүгүүдөн үмүт үзүп коюу керек. Ар бир үйдө, ишканада Майлуу-Суунун чырагы күйүп турушу зарыл", - деди Жумабеков.

Мындан тышкары төрага Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү тургундар мугалимдердин айлыктары, пенсия, жөлөк пул алуу көйгөйлөрү, шаарды көрктөндүрүү сындуу маселелерин ортого салды. Төрага бул суроолорго жооп берип жатып сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлө турганын, октябрда пенсияга акча кошула турганын белгиледи.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.07.2019. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
22-01-2020 19:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеенбеков айткан созду кайталап айтып коюптурго
29.07.2019. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
943
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
13-01-2020 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жөн жай элди кыйнап жолду тосуп эч кимди өткөрбөй турушту спикер келатат деп.Элди ойлогон эээч бир чоң жок экен да.
29.07.2019. 23:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
16-07-2018
Соӊку аракети:
23-01-2020 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо бугун эмнеле жол тыгыны болду десе
30.07.2019. 00:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
17-01-2020 20:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
+1
Бул отпускага кетпептирби
30.07.2019. 02:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
07-12-2019 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Несин коруп келди эми, жээ ал завод мамлекеттики болбогондон кийин.Орустарга сатылып кеткен ал завод.
30.07.2019. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 16:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
+1
Окмоттуку лампа завод
31.07.2019. 03:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
22-01-2020 19:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Баары жакшы деп мактаган ,,дужур чалдар" менен эле жолугуп келиптир,карапайым эл менен жолукпаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136448;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: