super.kg logo

Ысык-Көлдө скутер менен дайынсыз жоголуп табылган Казак жаранынын аялы: "Күйөөмдү коё бербей жатышат"

 

Ысык-Көлдө ижарага алган скутер менен дайынсыз жоголуп табылган Казак жараны Аркадий Мальковду Кыргыз Республикасынан чыгарбай жатышат. Бул тууралуу анын аялы Татьяна Мальковага таянып, казак Tengrinews басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, күйөөсү учурда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринде, качан үйүнө кайтып келери белгисиз. "Чөгүп кеткен скутердин ээлери 5,5 миң доллар сурап жатышат, ошол эле учурда скутер камсыздандырылган эмес жана лицензиясы жок. Бирок мен түшүнүп жатам, төлөөдөн баш тарткан жокмун. Азыр жанымда мындай суммадагы акча жок. Күйөөмдүн компаниясынын эсебинде мынча акча болушу мүмкүн, бирок ансыз мен акчаны эсептен чыгара албайм.

Туугандары жолугушууга барганда, күйөөмдү 300 адам курчоого алып, акчасыз аны эч жакка чыгарбай турганын айтышты. Учурда жолдошумдун телефону да, документи да жок. Скутердин ээлеринин доосу канааттандырылмайынча милиция ишти жаба албайт", - деди аялы.

Буга чейин Казак жаранынын үстүнөн скутердин ээси арыз жазганы белгилүү болгон. Облустук милициядан кабарлашкандай, аны эч ким күч менен өлкөдө кармаган жок жана бул иш жарандык иш катары каралууда.

Окуянын чоо-жайы:

53 жаштагы Аркадий Мальков 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМдын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.

16-июлда "Алтын-Көл" эс алуу жайына изделип жаткан жаран келген. Анда Аркадий М. скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткенин айткан. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берген.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
18.07.2019. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
05-06-2020 03:48
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жок болсо кредит алып толосун дагы куйоосун чыгарып кетсин,чын эле 5,5 мин доллар турса скутер,аз акча эмес да,чыгарып ийгидей
18.07.2019. 22:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:29
Жынысы:
Белгисиз
-6
Скутер чу дегде эле мыйзамсыз лицензиясы жок камсыздандырылган эмес. GPS датчик SOS жардамга чакыруу баскычы жок болсо эмне учун 5500$ толошу к.к. уурдаган болсо аны далил деп кылмыш ишин козгоп анан 5500$ тап кылгыла. Мыйзамсыз коопсуздугу жок скутерди ижарага берип адам омурун коркунучта калтырганы учун Скутердин ээлерине кылмыш ишин козгоо к.к. Жабырлануучуга компенсация толоп беруу к.к. же болбосо ууру кылганын далилдегиле.
Aza17 түзөттү 2019-07-18 22:38:50
18.07.2019. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
11-08-2020 07:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aza17,Эгер сенинСкутеринди ушундай кылса не кылмаксын аны канча акчага алды колдо озу сезондо гана иштесе керек
18.07.2019. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
uz.nookat, Мен биринчи кезекте адамдын коопзуздугу учун SOS. GPS кызматын орнотуп мониторин жургузуп байкап. мыйзам чегинде ижарага берип акча табат элем. Адамдын омуру, коопсуздугу учун 5000с/10000с аябаш к.к. акча 1/2 кундо табылат.
Aza17 түзөттү 2019-07-18 23:17:35
18.07.2019. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aza17, Уурдабаса чоккон жерин болжолдоп корсотсун далилдеп, болжол менен билетда. Скутерде кайдагы SOS? Коопсуздугу учун сактык кийимин кийген жана соз жок ал адамга эскертилген алыс кетпешин, белгиленген убакытта кайтып келуусун.
18.07.2019. 23:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:29
Жынысы:
Белгисиз
-7
aibars, Замандан артта калган карангы экенсин. GPS.SOSу болгондо аны 200 адам эки кун издеп убара болмок эмес. Замата кай жерде жургонун байкамак.
Aza17 түзөттү 2019-07-18 23:15:40
18.07.2019. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:29
Жынысы:
Белгисиз
-4
Замандан артта калган карангылар. Мыйзам кабыл алгыла:Колдогу моторлуу кайыктын баарына GPS. SOS кызматын орнотуу к.к. Адамдын омуру учун 5000с/10000с аябоо к.к Коопсуздук болсо Туристер да коп келет.
Aza17 түзөттү 2019-07-19 00:08:27
18.07.2019. 21:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
656
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
10-08-2020 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+12
Скутердин ээсин да түшүнсө болот, ошол менен тамак таап жатса керек... Бир чети казак ММКлары көбүртүп жабыртып жазса керек эми, сезонго терс таасирин тийгизип...
18.07.2019. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1194
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
11-08-2020 03:53
Жынысы:
Белгисиз
+8
Толоп берсин соз бутту.
18.07.2019. 22:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Скутер менен эмнеге тундук тараптан туштук жагына ушунча алыс аралыкка кетип калат. Мен так билбейм бирок скутер менен ашып кетсе 10-15 мунот журсо керек. Ижарага алып жатканда ушунча убакытта, белгиленген жерлерде журосун деп эскертишсе керек. Бироонун мулкун талкалагандан кийин толоп беригууго милдеттуу. Чек арадан отуп кетсе ошол бойдон жок болот.
18.07.2019. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
230
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
24-02-2020 00:29
Жынысы:
Белгисиз
-3
aibars, Скутерди 10-15 мунотко эмес акчан боло 1 жумага алып кереметуу колдун каалан жерин коруп келсен болот. Ууру кылып чек арадан отуп кетке болсо аны далидегиле да.
Aza17 түзөттү 2019-07-18 23:20:42
19.07.2019. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
11-08-2020 03:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
Адам омурунон да скутер аябай кымбат болуп атабы айланайындар,эгер менин скутерим болгондо аман калганына суйунот болчум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
148790;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: