реклама
super.kg logo

"Амир Аскаров сындаганды коюп, ошонун деңгээлине жетип алсын". "Кеңеш" тобу менен ырчы Амир Аскаровдун чыры

 

"Кеңеш" тобу менен Амир Аскаров социалдык тармак аркылуу бири-бири менен кайым айтышууда. Алардын мындай пикир келишпестигине ырчы Амир Аскаровдун маеги себеп болгон. Тагыраагы, ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде маек берип жатып "Кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы музыкалык топ жакпайт?" деген суроого "Кеңеш" тобу деп жооп берген.

"Кеңеш" тобу маектин ошол жерин кесип алып социалдык тармакка жүктөп, өздөрүнүн оюн калтырган.

"Бул жигит ырчыбы, ким экенин билбейбиз. Бирок ушул видеону кыздар "сиздин оюңуз кандай?" деп жиберишиптир. Амир Аскаров, бир акырдан жем жейбиз. "Карга карганын көзүн чукубайт" дечү эле кыргызда. Биз сени эми көрдүк. Ырчы болсоң кулагыңа түйүп ал. Мүзүр Мамбетов "Кеңеш" тобунун жетекчиси, көптөгөн кыргыз элинин жүрөгүнө жеткен 50дөн ашык ырларды жаратты. Сахнага чыгып ырдаганыбызда эл кошо ырдады. Концерттерибизде эл батпай калган. Элдин тойлорунда кызмат кылдык. Кичинекей талантыбыз менен эл, жерди көрдүк. Бирок сага окшоп көз айнекти тагып алып орус эмес же кыргыз эмес болуп бирөөнү жагат, жакпайт деп сындабадык. Ойлонуп сүйлө, эртең эле ассалому алейкум деп сахнадан кезигип калабыз. Жакпасак ичиңе сакта, бир тууган. Булар жакпайт десең эле популярдуу болуп кетпейсиң", - деген.

Бул билдирүүдөн кийин Амир Аскаров дагы өзүнүн оюн интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы: "Легендарлуу топтун жетекчиси Мүзүр, мен таанымал эмес жигит болсом, анда менин деңгээлиме эмнеге түшүп жатасыңар? Мен өзүмдүн жеке оюм менен бөлүшө кетейин. Адамдар баарына эле жага бербейт. Жагайын деп аракет дагы кылбайм. Анткени мен Амир Аскаровмун. 10 жылдан бери сахнада жүрсөңүздөр, анда сиздерди кезиктирбептирмин. Мындан кийин дагы кезикпейбиз деп ойлойм. Менин өзүмдүн угармандарым, силердин өзүңөрдүн угармандарыңар бар. Жеке оюм дагы бар.

Мен силер аркылуу өзүмдү пиарлап жатат десеңер тынчтангыла. Мен өзүмдүн чыгармачылыгыма 100 пайыз ишенимдүүмүн. Кимдир бирөөлөрдү мазактап хайп жаратуу мага кызыксыз. Мени түшүндүңүздөр деп ойлойм. Чыгармачылык ийгилик!" - деген.

SUPER.KG порталы окуя боюнча "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира айымга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Негизи мен Амир Аскаровду тааныбайм. Мүзүр атын эле угуп жүрчү экен. Биз видеону чогуу көрдүк. Бирок социалдык тармакка мен чыгарып, ырчыларды эл таразалап, эл сындай турганын жаздым. Бизге деле жаккан, жакпаган ырчы бар. Бирок эл адамы болгондуктан андай ойлорубузду ичибизде калтырып, коомго чыгарбайбыз. Улуу сахнанын канчалаган кыйындары айтпаган сынды кечээги эле бала айтып чыкты. Ошондон улам бири-бирибизди сындаганды токтотолу деп эле айткым келген. Амир Аскаров журналист берген суроого жооп бердим, кечирип коюңуз дегендин ордуна кайра кайым айтышты. Ал буга чейин Дайыр Исмадияровду сындаптыр. Мен Амирге айтар элем, биринчи Дайырдын деңгээлине жетип ал", - деди топтун ырчысы.

Ал эми Амир Аскаров музыкалык топту мазактабаганын, болгону жеке ою менен бөлүшкөнүн айтат.

"Мен "Кеңеш" тобу жакпайт деп койгонум үчүн кечирим сурашым керек бекен? Ырчылар элдин катарына кирбейби? Мен ал жерде болгону берилген суроого жооп берип, өзүмдүн оюм, позициям менен бөлүштүм. Ал жерде топту жамандап же сындаган жокмун", - деген оюн айтат.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(46)
18.07.2019. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
05-01-2019
Соӊку аракети:
25-09-2020 10:29
Жынысы:
Белгисиз
-15
Жакпайт деп койсо аябай чычалашыптыр го. Жакпаса жакпайт дейт да. Сындаган сөзү деле жок. Болгону жакпайт дептир анын эмнеси бар экен. Кеңеш тобу баарына жагыш керекпи сөзсүз.
19.07.2019. 01:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2020 20:01
Жынысы:
Белгисиз
+8
Makul,кичине Адам баласы сылык сыпаа ,толерантуу болгонго аракет кылыш керек!билбесе уйронуш керек ойноп суйлосокда ойлонуп суйлош керек,тууган Амирдики туура эмес жакшыны чыгарып жаман нерсени жаап жашырыш керек деп ойлойм ,Амирди тол соз менен айтканда ХХХХ ,сый Урмат эмне экенин тушунбойт!Амир кара пиар тоже пиарды токтот!иште Эл оозунда кала турган ырларлы чыгармаларды жарат .ийгилик
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-19 09:21:55
18.07.2019. 16:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
19-08-2019 23:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+12
Жөн эле жүрүшсүнчү биздин ырчылар, ал андай бул тигиндей деп,и так чоңдор тытышып атышканда буларга жол болсун...
18.07.2019. 16:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
25-09-2020 08:20
Жынысы:
Белгисиз
+18
Амир Аскаров деген ким өзү? Бул ырчыны биринчи жолу угушум.
18.07.2019. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
08-09-2016
Соӊку аракети:
24-09-2020 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+9
Буйруса нике кайып ни нике кайып
18.07.2019. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2020 14:09
Жынысы:
Белгисиз
+17
Амир деген ким өзү эми угуп атам бир ыр ырдап алып көкөлөйсун да ал эми Кенеш тобун элдин баары билет Кенеш тобуна айтаарым бул ХХХХ денгеелине тушпой эле койунуздарчы
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-18 17:48:28
18.07.2019. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
401
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2020 13:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кенеш Тобу алга/Амир ХХХХХ жон журсон боло/
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-18 17:49:00
18.07.2019. 17:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
02-06-2017
Соӊку аракети:
04-08-2019 07:28
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эң начар ырчы топ деп Атамбаев менен Кундуз Жолдубаеваны айтса болмок...
18.07.2019. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2036
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
06-06-2020 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+13
ХХХХ бейбаштанбай жон эле койбоптур,амир дегенди эми угуп жатам,
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-19 09:33:00
18.07.2019. 19:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
07-01-2020 09:09
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мендагы кыргыз шоу чойросундо Амир деген ысымды эми угуп жатам. "Кенеш" тобу абдан жагат!
18.07.2019. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
656
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2020 11:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-7
Бирок,Кеңеш тобунун мурдагы жылы Таласка койчу концертине үч эле киши билет алып, анын айынан концертин отмена кылганы чындык)) Убагында жылдызы жанганы чындык..Ошого тулпар тушунда күлүк күнүндө деп айтылат да..А Амир инимди былтыркы калган ырчылар жөнүндө айткан сынынан кийин таанып калгам, ырынан эмес...
18.07.2019. 21:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
14-06-2019
Соӊку аракети:
25-09-2020 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кенеш тобунун элге кенири жеткен жаккан хотябы 2-3 ырлары бар.
А Амирди билбейм может элге жете электир
18.07.2019. 21:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
18-02-2019
Соӊку аракети:
25-09-2020 14:17
Жынысы:
Белгисиз
-11
Кенеш тобун уккан эмес экенмин мен дагы кайсы ырларды ырдашат Амирди тааныйм бирок
18.07.2019. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-05-2014
Соӊку аракети:
22-09-2020 11:56
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kamchybek-007,кантип уккан жоксун ??амирдин ыры жок тааныысың.. а кенеш тобунун 20 30 дай ыры бар бирок таанывайсың
18.07.2019. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-05-2014
Соӊку аракети:
22-09-2020 11:56
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул Амир ХХХХ элее журөт ар кимге
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-19 09:27:22
18.07.2019. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
16-02-2016
Соӊку аракети:
25-09-2020 07:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Город 3722
-6
Мага Кенеш тобунар да Амир да жакпайт. Эми не болду жакпаса жакпайт дейт да, ага не анча чычалап, тек кой, оокатынды кыла бер чача мача деп созду кобойтпой.
19.07.2019. 01:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2020 20:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
cholpon119966 эки Адам уйдо отуруп жагып жакпайт Тата мата деп суйлошсо болот ,коомчулукка айтуу туура эмес !сылык сыаалыкты!кичи пейилдикди.чондорду урматоо ,кичини сыйлоону эч ким жокко чыгара элек
18.07.2019. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
10-05-2020 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Muzur "it uro beret kerben juro beret "degen dei ar bir sozko terige bersener abrounar tushot da
19.07.2019. 00:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
02-09-2020 13:58
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эгер мен чынын айтсам Амир Аскаров дегенди тааныбайт экем Кенеш тобун тааныйм
19.07.2019. 01:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
524
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
18-08-2020 21:36
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кенеш тобун коптон бери тааныйм мендагы а Амиринерди биринчи угуп атам чынын айтсам эмне деген ырлары бар экен мунун
19.07.2019. 01:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
21-09-2020 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+8
Сирень гулууууу,эн жакшы коргон ырларымдан!
19.07.2019. 01:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2020 20:01
Жынысы:
Белгисиз
+9
Амир окуп жатсан тушун кара пиар дагы пиар деген нерсенди токтот!сылык сыпаалыкты,улууга урматты ,кичууго ызатты ,каерде кантип суйлошту билбесен уйрон ,озундун коллеганды ошентип айтканга кантип журогун акылын барды ???ыйман ынсап берсин ,андан Коро жакшы чыгармаларды жазып ырларын менен эллин эсинде кал!ызы чуу бала атыкпай
19.07.2019. 01:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
09-05-2010
Соӊку аракети:
06-10-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
dubai
+12
Мен Кенеш тобун ырлапын барын жактырам, булар эч кимге зычны тийген эмес, бул Амир дейсинер аны таныбайт да экем, эл таныбаса кимге тийшерин билбейм ушунтип атын чыгарып атканго,
19.07.2019. 06:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
166
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
25-09-2020 13:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Амир өз репертуарында
19.07.2019. 06:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
16-07-2019
Соӊку аракети:
04-03-2020 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул ырчы болумуш ким?Хит болгон ырлары барбы? ХХХХХ бетин тытат болуп,кайра тең айтышыптырго бул бала.Капа болбого бирок сенин ата энең берген тарбия мага жакпады.БУЛ МЕНИН МНЕНИЯМ.Сен өзүң айткандай.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-19 09:16:10
19.07.2019. 07:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
+8
Охоо ыссыкы го комменттер. Амир деген чыт курсак бар экенин эми уктум. Кеңеш тобу аздыр көптүр сахнада жүрүп элге жаккан ырлары көп
19.07.2019. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
18-09-2020 14:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
Амир Мырза, эгер сиз маданияттуу, акылдуу, денгээлиниз бийик болсо, эч качан бироону жагат жакпайт деп айтпайт болчусуз.Бул менин жеке оюм.
19.07.2019. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
03-01-2016
Соӊку аракети:
23-09-2020 17:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын жүрөктөн баары бир
19.07.2019. 11:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
03-11-2019 02:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Амир ХХХХХ болуп! Бироо мн не ишим бар деп жашачы?!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-19 14:11:07
20.07.2019. 02:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
07-07-2019
Соӊку аракети:
24-04-2020 18:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпаса жакпайт дейтда,,ага чычалабай эле коюшпайбы. Баарыбызга эле жакпаган белгилуу адамдар барда,чынбы?оз оюн ачык айтыптыр.Азамат!!!
20.07.2019. 08:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
25-09-2020 09:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
0
Амир ким билбейм го бирок " Кенеш"тобу да болбогон бир топ.Только топ,ырчы катары,адамдык сапаты ,журум туруму норма эле инсандар бирок оздору.
21.07.2019. 18:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
25-09-2020 09:34
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кенешти жактагандар баарынар айылдыксынар.
Кенеш озу да айыл, ошон учун сизге кенеш жагып жатат.
Амир шаардык бала. Ошон учун силерге жакпайт ал.

Адамды айылдан чыгарыш оной, бирок айылды адамдан чыгарыш кыйын
21.07.2019. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
541
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
24-09-2020 21:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
0
Чыр бала,чыр бала,ортобузда биздин бир бала!
Чыр бала,Амир деген бизде бир бала!!!...))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
151537;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: