super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Баткенде банктарда рубль албай жатышат" деген окурман нааразычылыгын айтты

 

Баткен шаарындагы банктар рубль акча бирдигин сомго алмаштырбай жатышат. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.

"Шаардагы ар бир банкка кирип чыктым. Баары "алмаштырбайбыз" деп жатышат. Банктар эл үчүн иштебесе алардын эмне кереги бар? Элге сом керек болуп калса, алар кайда барышат? Мындай көрүнүш дайыма эле болуп турат. Баткен шаары боюнча бири да алмаштырып берген жок. Менчик деп эле өз кызыкчылыктары үчүн иштеген туура эмес. Бул көрүнүш күн сайын болуп турат. Биз рублдун курсу көтөрүлсө алмаштырабыз деп акчабызды сактап жүрөбүз", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(10)
13.07.2019. 11:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
19-08-2019 23:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
-7
КУрс канча экен өзү
13.07.2019. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+14
Рубль курсу которулуп калды ошого алмаштырбай жатса керек да бул акмактар мындайларды ото катту текшериш керек
13.07.2019. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
22-10-2019 14:14
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баткен эмес ошто да ошондой бул нерсени караш керек мамлекет рубль которулсо бир да банк алмаштырбайт экен россиядан акча которулса алайын десен рубль жок деп курсту аз коюп алып сом менен берет
13.07.2019. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-06-2019
Соӊку аракети:
20-10-2019 05:38
Жынысы:
Белгисиз
+15
Улутук банк эмне кылып журот.
Карабайбы мамлекетен айлыкты жеп жатабербей. Аз айлык алсада мейли эле.
13.07.2019. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
27-10-2012
Соӊку аракети:
22-10-2019 10:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
Ноокатта да ушундай көрүнүш
13.07.2019. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
27-08-2019 14:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо 1000 рубль 1100 сом болуп жатабы
13.07.2019. 18:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
+8
Бул банктар опщум эле катып алышат ушинтип курс ойногондо. Кирсең "Рубль же доллар жок" дейт, анда эмнеге банксың? Эмнеге ачтың валютаны? Тойгозот бул ахмактар.
13.07.2019. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
723
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
21-10-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
3 күн мурун Жалал-Абадда да рубль албай коюшту.
14.07.2019. 00:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
22-10-2019 12:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бугун да Караколдон рубль алмаштырайын десем албай коюшту айла жок арзан обменкалардан алмаштыртырдым
14.07.2019. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
929
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 07:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке банктар деле оз кызыкчылыгын ойлошот да.Туура тушунгуло.Болбосо Нац.банктан алмаштыргыла акчанарды наалыбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132663;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: