super.kg logo

Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жарандын сөөгү Арча-Бешикте жерге берилет. Анын артында аялы жана бир баласы калды

 

Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жаран Али Тижжани Абубакардын сөөгү бүгүн, 5-июлда жерге берилет. Бул тууралуу ал директорлук кылган Cambridge School билим берүү борборуна байланышканыбызда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, маркум Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушуна жакын жердеги көрүстөнгө коюлат. Ага жаназа Эркиндик-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечитте окулат. Али Тижжани Абубакар Бишкек шаарында 20 жылдан бери жашаган.

"Ал студент болуп келген бойдон Бишкекте жашап калган. Нигерияда баласы жана жубайы бар. Анын өлүмү тууралуу жакындарына кабар берилип, бир тууган иниси келди", - дешти аталган мекемеден.

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги чет тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Али Тижжани Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.07.2019. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
551
Катталган:
16-01-2016
Соӊку аракети:
13-12-2019 09:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-12
Super.kg сусанна егорян жонундо маалымат берип койунуздарчы мисс азия 2019 женуучу болдубу ошол кыз кыргызстандын атынан чыгып
05.07.2019. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
14 жашында эле келгенби Кыргызстанга?
05.07.2019. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
360
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
22-01-2020 11:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бечара ушул кыргыздар тил уйронуп сабатсыздыгын жоюп,Тил уйронуп дуйносу кенейсин деген ой менен журсо керек эле
05.07.2019. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
18-01-2020 13:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+3
Нигеряда аялы менен баласы калса анда бияктада аялы баласы барго мм .Нигеряга алып кетишпей бияка комгонуно караганда
05.07.2019. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
21-01-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жапайылычык, байкуш жон эле жургон бироону сабап олтуруп койгон. Уят
05.07.2019. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
28-03-2018
Соӊку аракети:
28-07-2019 13:35
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул зоокур, бандит балдарды сабаттуулукка, элиткага уйротомун, окутамын деп келип бир бандиттин колунан каза тапканы биз учун окунучтуу Кыргызстан учун уят иш болду. Катаал жаза берилсин ушундай адамдын омурунон коркпогондорго.
05.07.2019. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
17-01-2020 20:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Плутон
-5
Кыргызстандыктар жапайы адамдар экен дешет да эми башкалар, уят эле, адамдар да кичине пейилин ондосо болмок, ушунчалык агрессивный тан каласын , дагы бийликти куноолоп коебуз, озу акылман создор туболук кучундо калат экен да, элине жараша ханы деп.
06.07.2019. 00:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
0
alibekova94, Эмне башкалардын өлкөлөрү уникалдуу тим эле келишкен күнөөсүздөр жашаган Периштелердин өлкөсү бекен? Мындай кокустуктар күнүнө ар кайсыл өлкөдө болуп турат, бир эле бизде эмес.
07.07.2019. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
09-03-2019
Соӊку аракети:
21-01-2020 00:20
Жынысы:
Белгисиз
0
JENTLEMAN, сен барган эмессин да. Барсан билмексин.
Ооба, башка олколор маданияттуу. Адам деп айтса болот.
05.07.2019. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
22-01-2020 11:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи адамдар агресивный болуп баратышат.Артынан барып суйроп, анан уруптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136389;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: