super.kg logo

"Гиннесстин рекорддор китебине" кирчү 1 жарым тонна ашлян-фу даярдалууда

 

Бүгүн, 1-июлда Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта шаардын 150 жылдыгына карата "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү үчүн 1 жарым тонна ашлян-фу даярдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге окурман билдирди.

Окурмандын билдиргенине ылайык, азыркы тапта аянтта ашлян-фу даярдалууда. Аны көргөнү келген адамдардын саны арбын. Мындан сырткары аянтта концерттик иш-чара өтүп жатат.

"Ысык аба ырайына карабай аянтка келген адамдардын саны көп. Элдин маанайы жакшы. Аянтка жергиликтүү тургундар жана көл жергесине эс алып келген жарандар келишкен. Эми бүгүн жасалган тамак "Гиннесстин рекорддор китебине" кирип калса, Караколдун визиттик карточкасы дүйнө жүзүнө белгилүү болот", - дейт окурман.

Мындан сыткары бүгүн борбордук аянтта саат 17:00дө Казакстандан жана Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунан келген акындардын айтыш сынагынын финалы орун алат. Айтыштын жалпы байге фонду - 500 миң сом.



"Гиннесстин рекорддор китебине" кирчү 1 жарым тонна ашлян-фу даярдалууда

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.07.2019. 17:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
03-07-2019 11:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дунгандардын тамагыбы бул
01.07.2019. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
26-02-2020 22:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гиннессиңердин китебида оюунчук экенда
02.07.2019. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
18-02-2020 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Egypt...
-1
Ары жоктор, Китепке киргизсеңер эле мүйүз чыгабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137973;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: