super.kg logo
«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


"Дисней" компаниясы 30 жыл мурунку "Чип жана Дейл" мультфильмин жаңылап чыгарат

 

Disney студиясы "Чип жана Дейл жардам берүүгө шашышат" мультсериалын жаңылап тартууда. Мындай маалыматты студия расмий сайтына жарыялаган.

Мультсериал жалпысынан 39 сериядан турары пландалып жатат. Ар бир эпизод 7 мүнөттүн айланасында болору күтүлүүдө. Маалыматта белгилүү болгондой, жаңы мультфильм заманбап сюжеттер боюнча тартылмакчы. Анткени менен анимациянын стилистикасы мурдагы боюнча калары белгилүү болду.

Компаниянын сайтында "Чип жана Дейл" мультсериалы жаңы кадрларда кандай көрүнөрү жалгыз промокадр менен көрсөтүлдү.

Disney бул эмгекти ишке ашыруу үчүн балдар жана үй-бүлөлүк берүүлөр менен иш алып барган франциялык Xilam компаниясын чакырган. Жаңы мультсериал Disney+ стриминг сервиси аркылуу көрсөтүлмөкчү. Болжол менен эмгек 2019-жылдын ноябрь айында экрандаштырылат.

"Чип жана Дейл" мультсериалы 1989-1990-жылдары жарык көрүп популярдуу болгон. Быйыл бул мультфильмге 30 жылдын жүзү болот.



"Чип жана Дейл" мультфильми эсиңиздеби?

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
13.06.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
28-02-2019
Соӊку аракети:
03-12-2019 02:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кезимде сүйүп корчумун
13.06.2019. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
26-05-2013
Соӊку аракети:
04-12-2019 23:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сырррр дегенби))
13.06.2019. 19:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
05-12-2019 11:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мультикти кором деп бададан кечигип калып тээ тун жарымга чейин уй издегем. Эртеси эртен менен бададан тапкам. Ошодон бери жаман кором ушул мультикти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134591;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: