super.kg logo

Депутат Баткен облусунун жашоочуларын иш менен камсыз кылуу үчүн заводдорду куруу керектигин айтты

 

Депутат Динара Исаева Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, аталган облуста жер-жемиш, мөмөлөр жакшы өсөт. “Азык-түлүктөрдү өндүргөн ишкана куруу керек. Баткендин жашоочуларын жумуш менен камсыз кылуу үчүн заводдорду куруу зарыл”, - дейт депутат.

Мындан тышкары ал жерлерди трансформациялоо маселеси тез арада чечилиши керектигин айтты.

Жыйында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүн токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.

3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.

18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышкан. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.06.2019. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
11-12-2014
Соӊку аракети:
22-01-2020 17:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура айтыптыр, эч кимдин оюнда да жок болчу завод курмай, эн сонун ойду айтыптыр, айтып эле кое берсин ))
04.06.2019. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azizbek_Musabekovich, Шайлоо жакындап калды да, а то мындай ойуна киибей калды го кысталак.
04.06.2019. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
22-01-2020 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курбай эле койсун,куруп жаткандарга жолтоо болушпасын
04.06.2019. 16:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
14-02-2015
Соӊку аракети:
22-01-2020 17:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Б
0
Эн туура, курчууларга жер болуп берсин ошол жетиштуу мен октябрь айынан бери жер алалбай журом станокторум даяр бардык жерлер жайытка карайт трансформация биздин колубуздан келбейт экен жеке ишкерлерге колдоо болгондо жакшы болмок 10 15 адамды иш менен камсыз кылат элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136448;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: