super.kg logo

ТЕСТ: "Сактасын суук көздөрдөн, садагам Оштой жеримди". Кереметтүү Ошко арналган тест

 

Саналуу күндөрдө жайкы каникул башталып, эс алуу сезонуна старт берилгени турат. Акыркы жылдарда ички туризм да өнүгүп, Нарындан Ошко же Баткенден Таласты көздөй жолго чыгып, ар дубандын кооз жаратылышы, тарыхый жайлары менен таанышкысы келгендер көбөйүүдө.

SUPER.KG порталы аймактардын өзгөчөлүктөрүнө арналган тесттерди сунуштайт. Бүгүн Ош шаары тууралуу канчалык билериңизди сынап көрүңүз.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Ош калаасы тарыхта кандай маанилүү роль ойногон?

Ош шаары Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. Байыркы замандарда Ош базарлары жана кербен сарайлары менен белгилүү болгон.

Кийинки суроо


Фашисттерди токтоткон.
Оштон космоско биринчи ракета учкан.
Адамзат тукуму Оштон башталган.
Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаа болгон.

Оштогу маршруттук таксилер Бишкектегилерден эмнеси менен айырмаланат?

Оштогу маршруттук таксилерде жүргүнчүлөр жол киресин киргенде эмес, чыгып жатканда төлөшөт. Ал эми Бишкекте жана өлкөнүн башка шаарларында жол киреси унаага киргенде төлөнүшү керек экени белгилүү.

Кийинки суроо


Айдоочулары көчөлөрдү айтып турушат.
Жүргүнчүлөр жол киресин түшүп баратканда төлөшөт.
Аялдамаларда гана токтойт.
Ар бир маршруттук таксиде килем төшөлгөн.

Ошто кайсы автоунаалар көп?

Ош шаарында Дэу Матиз жана Дэу Тико үлгүсүндөгү унаалар көп кезигет. Алар коңшу Өзбекстандагы заводдон чыгарылат. Матиз жана Тиконун баасы жеткиликтүү, тетиктери арзан, күйүүчү майды аз "ичкени" үчүн бул унаалар чоң суроо-талапка ээ.

Кийинки суроо


Мерседес-Бенц жана Ауди
Лексус жана Тойота
Тойота Ист жана Хонда Фит
Дэу Матиз жана Дэу Тико

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Оштун келиндеринин кайсы ишин үлгү катары келтирген?

2017-жылы ал кездеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун тургундарын Оштун келиндериндей үйлөрдүн короолорун тазалоого чакырган. Экс-президент айтып бергендей, бир күнү ал Владимир Путин жана башка чет элдик коноктор менен "Ата-Бейитке" бара жатып, жолдун боюнда таштандыларды көрүп өзүн ыңгайсыз сезген. Атамбаев жергиликтүү тургундарды айлананы таштандылардан тазалоо маселесине көңүл бурууга чакырган.

Кийинки суроо


Кооз кийингенин.
Эрте туруп үйдүн короосун тазалап туруусун.
Аракечтиктен алыс болгонун.
Баланы тарбиялоосун.

Сулайман-Тоонун чокусунда кимдин үйү жайгашкан?

Сулайман-Тоонун чокусунда Бабурдун үйү бар. Тарых барактарында Мухаммед Захриддин Бабур Моголдор империясынын негиздөөчүсү. Ал 16-кылымда тоонун чокусунда намазкана курдурган. 1963-жылы эскилиги жеткендигине байланыштуу сүрдүрүлүп, 1991-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Бул намазкана Захриддин Бабурдун үйү деп аталганы менен, анын үйү ушул эле чокунун башка жагында жайгашкан.

Кийинки суроо


Оштун мэриясы.
Сулайман пайгамбардын үйү.
Жергиликтүү депутаттын хан сарайы.
Бабурдун үйү.

Ош шаарынын телефон коду кандай?

Ош шаарынын телефон коду 3222. Бишкектики 312, Баткендики 3622, Таластыкы 3422, Нарындыкы 3522, Караколдуку 3922 жана Жалал-Абаддыкы 3722.

Кийинки суроо


3222
312
3622
3422

Ош шаарында улуттун өкүлдөрүнүн саны боюнча кыргыздар менен өзбектерден кийин кимдер турат?

Ош шаарында көп улуттар жашайт. Мэриянын 2018-жылга карата маалыматы боюнча, шаардын калкынын саны 288,8 миң адам. Анын 50,1 пайызы кыргыздар, 43,3 пайызы өзбектер, 2 пайызы түрктөр, 1,5 пайызы орустар.

Кийинки суроо


Түрктөр
Орустар
Тажиктер
Татарлар

Кыргыздын кайсы залкар обончусу жана ырчысы - Оштун кулуну?

Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Ал "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Абдыкадыров 360 чамалуу обон жараткан.

Кийинки суроо


Чубак Сатаев
Болот Миңжылкиев
Таалай Бектурганов
Рыспай Абдыкадыров

Оштун тургундары көп учурда бири-бирине "жигар" деп кайрылышат. Бул сөз эмнени билдирет?

Ош шаарында өзбек улутундагы жарандар калктын дээрлик жарымын түзөт. Алар жергиликтүү эл менен тыгыз байланышкандыктан кыргыз тилинде өзбек тилиндеги көп сөздөр колдонулуп калган. Мисалы, Ошто тургундар бири-бирине "жигар" деп кайрылышат. Өзбек тилинен бул сөз "боордошум", "тууганым" деп которулат.

Кийинки суроо


Боордош
Дос
Теңтуш
Кошуна

Ош кайсы тамак-аштар менен белгилүү?

Ош "даамдуу тамактардын мекени" деген наамга ээ. Өлкөнүн ичинде жана сыртта Ош тандыр самсасы менен белгилүү. Шаар ичинде самсакана табуу оңой. Самсага көп эт, пияз жана мурч кошулат. Оштун экинчи башкы тамагы - бул өзгөн күрүчүнөн жасалган аш.

Кийинки суроо


Гүлчөтай жана чучук
Тандыр самсасы жана аш
Мастава жана дымдама
Бешбармак жана шорпо

Ош облусу кайсы мамлекеттер менен чектешет?

Ош облусу өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан. Анын жалпы аянты 29,2 миң чарчы чакырым. Облус үч мамлекет менен чектешет: чыгышта - Кытай менен, түштүктө - Тажикстан менен, түндүк-батышта - Өзбекстан менен.

Кийинки суроо


Кытай, Тажикстан, Өзбекстан
Тажикстан, Өзбекстан
Өзбекстан
Эч бир мамлекет менен чектешпейт

Сулайман-Тоонун боорунда эмне курулган?

Сулайман-Тоо Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан. Анын узундугу – 1140 метр, туурасы – 560 метр. Тоонун боорунда "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси курулган. Музейде кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат. Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Кийинки суроо


Чиркөө
Көп кабаттуу турак жайлар
Музей
Түнкү клуб

Ош шаары аркылуу кайсы дарыя агып өтөт?

Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт. Ак-Буура суусу – Кара-Суу жана Ноокат районунун аймактары аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 чакырым. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.

Кийинки суроо


Чу
Ош
Көгарт
Ак-Буура

Окумуштуулардын пикиринде, Ош шаарына канча жыл болду?

Ош - Орто Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Археологиялык изилдөөлөр боюнча, калаанын 3 миң жылдан ашуун тарыхы бар. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда майрамдалат. Быйыл Оштун 3019 жылдыгы белгиленет.

Кийинки суроо


3018 жыл
75 жыл
3000 жыл
29 жыл

Уламыш боюнча, өлкөнүн түштүк борбору эмнеге "Ош" деп аталып калган?

"Бир заманда Сулайман пайгамбар өзүнүн көк өгүзүн жонуна чоң ташты жүктөп алып, күндөп-түндөп жол басып бул жакка келет. Эчен күн суусуз чөлдөрдөн өткөн өгүз буркан-шаркан агып жаткан дарыяны кечер алдында жумурун суулап алганы суудан шимирип, агып жаткан сууну соолутуп таштайт. Ичине кирген суусу менен баса албай ынтыккан өгүздү Сулайман "өш, өш" деп чапкылайт. Бул жер ошондон тартып Ош деп аталып калган" деп айтылат уламышта.

Кийинки суроо


Ош баатыр бул жерде душманды жеңген.
Сулайман пайгамбар өгүзүн "өш, өш" деп айдаган.
Александр Македонский бул жерге конуп, "Ошо" деген.
Айкөл Манас бул жерде Аккуласын "Ош, ош!" деп чапкылаган.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(46)
23.05.2019. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-01-2019
Соӊку аракети:
21-10-2019 15:52
Жынысы:
Белгисиз
-6
Оштук узбектер кыргыздар менен Бир эле болуп калыптыр тан калычтуу,узбечкалар жылда торойт роддомдо Бир палатада 3 узбечка болсо бироосу кыргыз.алар кобойбогондо Ким кобойсун.
23.05.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун озбек имамдары экиден аял алгыла дейт экен .Биз кобоюп озунчо статус алабыз дейт экен .Балким ошол чындыр !!
23.05.2019. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
284
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
10-09-2019 18:18
Жынысы:
Белгисиз
-7
100 упай
23.05.2019. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
28-01-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 16:09
Жынысы:
Белгисиз
-8
94 упай
23.05.2019. 16:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-06-2017
Соӊку аракети:
29-05-2019 02:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
-8
100% Оштон болом
23.05.2019. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
31-05-2019 11:53
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азыр матиз тико эмес, фит коп Ошто
23.05.2019. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
-7
80
23.05.2019. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
29-01-2012
Соӊку аракети:
23-06-2019 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
andizhan,uzbekistan
-6
87
23.05.2019. 23:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
-7
87
24.05.2019. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жалалабатта деле маршруткада түшүп атып төлөйбүз го)))
24.05.2019. 02:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
441
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-6
100
24.05.2019. 03:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
186
Катталган:
28-04-2015
Соӊку аракети:
20-10-2019 19:39
Жынысы:
Белгисиз
-6
Озбекстан тундук чыгышта эмес , тундук батышта жайгашканго. Тундук чыгышта Нарын, Тогуз Торого.
24.05.2019. 04:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-7
87
24.05.2019. 04:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
444
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 08:18
Жынысы:
Белгисиз
-3
Оштук болбосом дагы 94 балл. Сулайман тоонун чокусунда, Бабурдун уйу жайгашканын билбейт экенмин.
Snejana түзөттү 2019-05-24 04:26:39
24.05.2019. 07:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
295
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
23-10-2019 01:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
-5
100 балл ордолуу Ошумду кантип билбейин
24.05.2019. 08:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
06-07-2019 19:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
94балл Ошто жашабасам да.Турктор 3-орунда экенин билбейт экем.
24.05.2019. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
980
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
13-06-2019 14:12
Жынысы:
Белгисиз
-3
94 балл...Дымдама,маставаны да жасайт да Ошто вый.Мисалы мен.Ишенбесенер келгиле,жасап берем.
24.05.2019. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошко барган эмесмин. 80 упай. Ош шаары жагат,бирок элдери жакпайт.
24.05.2019. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 15:13
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,Ошко келсен конок болуп кет анан элин билесин кандай экенин)))
24.05.2019. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Shaa-82,макул. Адресинизди личкага жазып коюнуз.
24.05.2019. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1686
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
-2
katerina.li,Элдери не кылды ле сени?Озун каерден болосун?
24.05.2019. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dembele84,слишком озбекчелешип кеткен. Же озбек эмнс,же кыргыз эмес
24.05.2019. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 17:34
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тест: "сактасын суук көздөрдөн, садагам оштой жеримди". Кереметтүү ошко арналган тест
сиздин упайыңыз

94
туура жооп: 14
ката жооп: 1
жалпы: 15 суроо
мыкты! Сиз оштук эмессизби? :) 3-орунда турктор тураарын билбеген экем.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-24 12:42:49
24.05.2019. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
650
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:30
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир эле суроого туура эмес жооп берипмин Ошто түрктөрт көп экенда))
24.05.2019. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Минус баскандар мынча ичинер таар. Жон гой 100 бал болсо не болуптур ой тооба .
24.05.2019. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
22-10-2019 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+2
87балл. Оштукмун)))
24.05.2019. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1686
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Минус баскыч жетимдердин баарын ушерден тапса болот да )))
24.05.2019. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
11-12-2016
Соӊку аракети:
03-09-2019 11:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле минус болуп кетиптирго.Эххх мынча ичи тар болуп кеткен адамдар.Менде 80 болду
24.05.2019. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
01-02-2019
Соӊку аракети:
13-08-2019 14:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде 10000
24.05.2019. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
556
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
100%минуско бул жак
24.05.2019. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коро албас туугандар отурат ким экендерин жакшы билебизда ичтери орттонуп атат
24.05.2019. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
30-07-2018
Соӊку аракети:
01-08-2019 19:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
-1
80-ЫссыкКолдон
25.05.2019. 06:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
437
Катталган:
19-12-2018
Соӊку аракети:
17-10-2019 09:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
40
20.06.2019. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
11-07-2019 18:29
Жынысы:
Белгисиз
-2
94 балл, Оштук элем болдум Бишкектик,жигар деген созду билбейт экенмин коп эле угуп журчумун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: