super.kg logo
«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Энелер күнү. Шоу-бизнес жылдыздары энелерин кантип куттукташты

 

Кыргыз өлкөсүндө 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары белгиленип келет. Быйыл аталган майрам 19-майга туш келген. Бул күнү социалдык тармактар энелер тууралуу куттуктоолорго толду. Шоу-бизнес жылдыздары да мындан четте калбай энелерин куттукташты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков баракчасына кичинекей чагында апасы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп "сүйүктүү апам, Дарика Абдрахманова жана бардык апалар, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм! Көп жашаңыздар жана ар дайым чың ден соолукта болуңуздар!" деген куттуктоосун калтырган.

Ал эми ырчы Айжамал Кабылова: "Жашоодо эң бай инсан - бул апасы бар инсан! Апаке, майрамыңыз кут болсун, сиз үчүн ар бир күнүңүз майрам болсун, балдарыңыздын маңдайына өмүрүңүз узун болсун!" - деп куттуктады.

Ар дайым жылмайып жүргөн ырчы Данияр Эрматов: "Өзүмдүн апамды жана бардык апаларды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм! Ар дайым биздин маңдайыбызда бар болуңуздар. Ошондой эле менин атымдан баарыңыздар апаңыздарды куттуктап, менден чоң салам айтыңыздар", - деп куттуктап апасы менен концертиндеги сүрөтүн жүктөгөн.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова апасын төмөндөгүдөй ыр саптары менен куттуктады:
"Мен энемди көрбөй калсам сагынам,
Бир да карыш чыккым келбейт жанынан.
Оо адамдар, энелерди сыйлайлы,
Эне - улуу, эне - кымбат баарынан!
Жароокерим, асыл адамым, мээримдүүм, жүрөгүм, апакем менин, майрамыңыз менен. Ак сүтүңүздү актасам дейм. Жаратканым өмүрүңүздү узун кылсын".

Ырчы мырза Урмат Усенов апасы менен унаасында селфи кылып "чексиз шүгүр, майрамым менин жанымда" деген билдирүү калтырган.

Ырчы Айпери Кубик кызы: "Апулечкам! Алтын апам! Апакем! Майрамыңыз менен! Биз деп канча кыйынчылыктарды көрдүңүз! Ден соолугуңуз, уйкусуз түндөр. Апа, ар дайым бар болуңуз!" - деп апасына белек берген сүрөтүн жүктөгөн.

Ырчы Замир Арыкбаев "апа, майрамыңыз менен куттуктайм!" деген куттуктоосун калтырып, апасы менен селфи кылган.

Ырчы айым Сайкал Садыбакасова апасы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова менен кичинекей кезинде түшкөн сүрөтүн жүктөп "апа - бул бардык адамдын ордун баса алчу адам. Бирок бир да адам эненин ордун баса албайт" деп билдирүү калтырды.

Ырчы Дайыр Исмадияров апасын "бүгүн Инстаграмдагы номер биринчи тема - бул апалар. Ар бир энелерге жазылган каалоо-тилектерге кошулам. Апа, мен сизди жакшы көрөм, биздин бактыбызга ар дайым бар болуңуз", - деп куттуктады.
Ал эми ырчы айым Айнура Салахидинова жолдошу, кайненеси, апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, төмөндөгү ыр саптарын калтырган:
"Энелүү жашоо эр жашоо,
Энесиз жашоо көр жашоо.
Эркиндикти жыргалды,
Энелерге бер жашоо.
Энелүү өмүр күн өмүр,
Энесиз өмүр түн өмүр.
Эненин көөнү балада,
Энени сүйүп, сүр өмүр".


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
20.05.2019. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
27-02-2012
Соӊку аракети:
17-11-2019 10:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Энекем ак сутунду актаймын,
Журогумдо туболук ыйыктыгынды сактаймын.
18мин ааламды кыдырып чыксамда,
Сендей мээримдуу ыйык жан таппаймын.
Апа майрамыныз менен
20.05.2019. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Карындаштар эжелер апалар бар болгула. Оркундогуло, оскуло, дуркурогуло. Арты карабай алдыны карай жугургуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: