super.kg logo
«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Турмушка чыккандан кийин сахнада көрүнбөй калган ырчы айымдар

 

Ырчы Чолпонай менен продюсери Эрнест Уметалиев бала кезден чогуу ырдашып, кийин кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп 2017-жылы баш кошушкан. "Мырзага", "Чыгыш жомогу", "Классташым" өңдүү ырларды аткарып, бир катар тасмаларда роль жаратууга жетишкен ырчы айым турмушка чыккандан кийин шоу-чөйрөдөн алыстап, кызын тарбиялоо менен алек. Ал интернеттеги социалдык тармактарда бала тарбиялоодогу өзгөчөлүк, кызынын кылык-жоруктары тууралуу айтып, бөлүшүп турат.

"Арман", "Апакем", "Сүйө берем" деген ырлары менен белгилүү Бегимай Эсенгулованын сахнадан оолак болгонуна көп жыл болду. 2011-жылы турмушка чыккан ырчы учурда бир уул, бир кызын тарбиялап жатат. Турмушка чыккандан кийин жолдошунун фамилиясын алып Асылбекова болуп жүргөн ырчы Казакстанда жашайт.

“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2010-жылдын сахна ажары” наамын жеңип алган ырчы Кайыргүл "Адашпайм эми", "Кайдасың", "Периштем" аттуу ырларды аткарып жүргөн. Ал 2013-жылы турмушка чыга турганын айткан. Көп жылдан бери сахнада көрүнбөгөн ырчы айым соода менен алек болуп жатканы айтылган.

“Кыз жүрөгү”, “Жалган сүйүү”, “Сезим кайгысы” деген ырларды аткарган ырчы Зари эсиңиздеби? Ал 2010-жылдары сахнага чыгып, сүйүү жөнүндө муңдуу ырлары менен белгилүү болгон. Ырчылык тууралуу "Кичинемден эле ырчы болсом деп кыялданчумун. Ырдоо мен үчүн абадай, суудай керек. Кыргыз шоу дүйнөсүнө аябай кызыгып, бул жакта жүрсөм да дайыма жаңылыктардан кабардар болуп турам" дегени бар. 2012-жылы турмушка чыккан эле. Үй-бүлөсүн биринчи орунга койдубу, айтор кийин сахнада көрүнгөн жок.

Бир кездерде "Кайрылбайсың" деген ыры менен катуу чыгып, бирок өзү сахнага кайрылбай жүргөн Жанэл аттуу ырчы кызыбыз бар. Ал 2015-жылы турмушка чыгып, 2016-жылы кыздуу болгон. Үй-бүлөсү менен Талас шаарында жашап жатканы маалым болгон.

"Cупер-Инфонун" тандоосу боюнча 2012-жылдын дебютуна талапкер болгон, “Кайдасыӊ?” ыры менен таанылган ырчы Каныкей Акын 2014-жылы турмушка чыккан. Ал "Түркияга атамдын жанына барып чыгармачылыгымды өзгөчө нукта өзгөртөм" деген эле. 18 жашында турмушка чыккан ырчы айым бир уулду тарбиялап келет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
13.05.2019. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
14-11-2019 21:12
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даниэль кайда экен???
13.05.2019. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми уйлонгондон кийин корунбой калган мырзаларды чыгаргылачы, Даниелден кабар алгылачы айланайындар
13.05.2019. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2140
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 02:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Paprikafm,Даниелинер жургондур да дагы бир жерде стройкада иштеп, же дыйканчылык кылып дегендей.
14.05.2019. 09:38 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8468
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 00:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Paprikafm, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
13.05.2019. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
323
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
06-11-2019 11:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турмушум эшек араба, туулдунда калдын баляга.
13.05.2019. 22:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-07-2017
Соӊку аракети:
14-11-2019 10:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниел уйлонуп кыздуу болбодубу уже,аялы Колдон болот,кызынын аты Муслима же Амина болсо керек эле
13.05.2019. 23:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
949
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
15-11-2019 08:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоого тийиш учун ырдаган ырчылар деп чыгарсанар болмок.
14.05.2019. 07:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
412
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
15-11-2019 05:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонайдан башка эч кимисин тааныбайт экем... озум тан калып атам ушундай ырчылар бар беле деп...
14.05.2019. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
24-05-2016
Соӊку аракети:
18-06-2019 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
(Кербен----Аксы----Жалал-Абад) (Ош)
+6
Бактыгул Бадыева да бар....
14.05.2019. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
16-11-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Жаным Айзат деген ырчы каякта?
14.05.2019. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 00:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Алихан,Жаным Айзат
14.05.2019. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
29-07-2010
Соӊку аракети:
16-05-2019 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз тобунда ырдаган Аксана Матисакова каякта жүрөт...тагдыры эмне болду сураныч жазып койгулачы өтө суранабыз... күйөрмандары атынан
15.05.2019. 14:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8468
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
15-11-2019 00:34
Жынысы:
Белгисиз
0
BEKAjan, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133700;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: