super.kg logo
«Жылдын супер ырчы айымы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Имамидин Ташов: “Кыргыздын саны 10 миллионго жеткенче батир берүүнү токтотпойм”

 

Белгилүү ишкер, KG ГРУПП курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов кыргыздын санынын көбөйүшүн тилеп, көп балалуу үй-бүлөлөргө байма-бай жардамын көрсөтүп келет. Имамидин Ташов 2 ирет эң көп балалуу 40 жашка чейинки жаш үй-бүлөлөргө акысыз батир тартуулаганын көпчүлүк эл билет. Ошондой эле ал 2015-жылы өлкөбүздүн тарыхында алгачкы ирет болгон кубанычтуу окуя 4 эм баланын төрөлүшүнүн урматына ал үй-бүлөгө батир белек кылган. Ошондой эле ал 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө да батир тартуулаган.

Жакында дагы бир 4 эм төрөлүп, жалпы элибиз кубанычка бөлөндү. Имамидин Ташов орозонун биринчи күнү 5-каналдагы кайрымдуулук темасында маегинде бул окуяга карата кубанычын жашыра албай, кыргыздын санын көбөйтүп жаткандарга өзүнүн ызаатын билдирди.

“Түшүнгөн кишиге бул кыргыз элине, жерине күч берүүчү, дух берүүчү окуя. Биздин максат батир берип өзүбүздү пиар кылуу эмес, кыргыздын санын көбөйткөндөргө таазимибизди, ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Ушул эле студияда мен кыргыздын саны 10 миллионго жеткиче батир бергенибизди токтотпойбуз деп айткан элем”, - дейт Имамидин Ташов.

Ырасында эле ишкер Имамидин Ташов акыркы 4 жылдан бери көп балалуу үй-бүлөлөргө батир берүүнү улантып, ата-энелердин кубанычын бөлүшүп келет. Бул ирет да 4 эмдин төрөлүшүнө кубанган чыныгы мекенчил инсан Имамидин мырза бул үй-бүлөгө да батир белек кылуу ниетин айтты. Көрсөтүүнү алып баруучулар менен баарлашып жатып, бул кубанычтуу окуя болгондо Кыргызстанда болбой калгандыктан ал үй-бүлө менен жолуга албаганын айтып, буюрса, кийинки жолу силерге келип калсак, бул үй-бүлөгө батир бердик деген кубанычтуу жаңылыгыбыз менен келебиз деп билдирди Имамидин Ташов.

Имамидин мырзага окшоп элибиздин өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп, муктаждарга колдоо көрсөткөн кайрымдуу адамдар көп болсун демекчибиз.


кошулду


Имамидин Ташов: “Кыргыздын саны 10 миллионго жеткенче батир берүүнү токтотпойм”

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 14 
Комментарийлер(24)
13.05.2019. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
11-02-2018
Соӊку аракети:
21-10-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
+18
Азамат чыныгы патриот
13.05.2019. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
05-12-2019 21:23
Жынысы:
Белгисиз
+15
Рахмат
13.05.2019. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
757
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
03-12-2019 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец
Медиа-портал
13.05.2019. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-08-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мага да бир квартира берип койсонуз сонун болмок да 4 балам менен квартиралап эле жүрөм
13.05.2019. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
408
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
05-12-2019 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+19
Менин дагы төрт балам бар. Бекер эмес росрочканын мөөнөтүн 10-15 жылга узартып берсеңиз жакшы болмок.
14.05.2019. 17:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
05-12-2019 00:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+1
BarsBaatyr,ото жонокой Адам экенсин башкача жылуу сезим болуп кетти комментти окуганда
13.05.2019. 19:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
369
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
05-12-2019 22:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат
13.05.2019. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
23-11-2016
Соӊку аракети:
04-12-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аа менде бир аз башкача озум инвалидмин 1-чи группадагы 5-жылдан бери балалуу боло албай атабыз квартира уй туралуу кайрылбаган жерим калбады Президент министир депуттарга чейин кайрылгам жок деген жооп баарынан ушул байкебизди бизге да конул бурса башыбыз кокко жетмек Рахмат.
13.05.2019. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
23-12-2016
Соӊку аракети:
05-12-2019 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахмын омур берсин дайым жакшылык устундо жур
13.05.2019. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
27-08-2019 23:24
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аллах Тааладан суранарым мен дагы, эртереек озумдун уйумо жетейин жана Мен дагы ушул И.Ташов агабыздай коп коп кайрымдуулук садака берген жеткиликтуу инсандан болоюн, Оооминь!
14.05.2019. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озун корсото еле берет стройкада ишдедим кж групта айлык ала албай канча кыйналдым азыр шугур башка жакта иштеп ушул кампания алдайт рабочилерине айлык бербейт жардам кылып жакшы корунуп койот
14.05.2019. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
18-04-2019
Соӊку аракети:
29-11-2019 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
tachkomur, Импмидин бербей койбосо кепее, бригадир, прорап дегендер беретго айлыкты
14.05.2019. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
05-12-2019 12:27
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ziregim,ошолорго берсе анан бизге береби офисине чейин барганбыз бригадир
Менен
14.05.2019. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
04-12-2019 21:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки дуйно бактылуу болунуз сизге элге берсениз Аллахым сизге эки эсе берсин. Омурунузжу берсин эч оорубан. Биздин балдар да сиздей жигит болсун ылайым.
14.05.2019. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
03-07-2019 11:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ушундай жигитер кооп болсун
14.05.2019. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
25-11-2017
Соӊку аракети:
05-12-2019 20:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
А биз 6 бала менен кооптуу аймакта жашайбыз.Жардам берсе болгон нерсебизди сатып,болушунча акчасын бермекпиз.4 балам ылайга батып,суу кечип мектепке аран барып келишет.
14.05.2019. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
205
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2019 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутаттыкка коёт го ээ
14.05.2019. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
05-12-2019 20:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
0
Биздин айылда коп балалуу жесир аялдарга,инвалид бала баккандарга 8 уй-булоого бир корпус кылып уй салып беришти,Имамидин ака сиз да баштасаныз,келсениз кошуна айылдарга да керек,муктаж болгон жетим балдар бар.Кош колдоп тосуп жардам деле бермекпиз
14.05.2019. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жургалист ХХХХ, барган жерин ХХХ интрига кылып жургон бир эжн Маркум Улан эгизбаевге квартира бергенде «озун пиар кылып атат»,деп оозго алгыс создорду жазды эле. Имамидин агай бироонун пиарына муктаж деле эмес. Эл аны пиарсыз эле тааныйт
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-14 17:42:14
14.05.2019. 17:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
549
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
05-12-2019 22:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп аялдууларгачы?
15.05.2019. 03:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1855
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
03-12-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Chungyz,коп аялды акчан болсо ал!!! Жыланач кал жарды туруп коп катын алсан,бир нерсенин кулу болбой!!!
14.05.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
28-11-2016
Соӊку аракети:
24-11-2019 09:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ыраазы болсун эки дүйнө бактылуу болун!
14.05.2019. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
03-12-2019 15:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдар коп болсун!Чыныгы эркек экенсиз.Сиздейлер коп болсун кыргызда.
15.05.2019. 03:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
10-11-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйруса, мен дагы Бишкектен 2 болмолуу уй алам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
134591;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: