super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Бука районунун борбордук көчөсүндөгү аң-чөнөктөрдү топурак менен толтуруп чыгышты" дейт окурман

 

"Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбордук көчөсүнүн абалы абдан начар. 9-Май Жеңиш күнүнө карата даярдык көрүштү окшойт, чуңкурларды топурак, шагыл менен толтуруп чыгышты". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Р.Ибраимов атындагы көчө борбордук көчөлөрдүн бири. Дал ушул көчөдө райондук администрация баш болгон мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилер жайгашкан. Жолдун жээктеринде таштанды салуучу челектер өмүрү болгон эмес. Антейин десең көчөнүн өзүнүн абалы зээнди кейитет. Жайдын ысыгында унаанын терезелерин ачып айдоо мүмкүн эмес. Чаң-топуракка ичи толуп, көздөгөн жериңе аң-чөнөккө түшүп атып араң жетесиң.

Кечээ, 6-май күнү "Тазалык" муниципалдык мекемеси аң-чөнөктү эптеп топурак менен толтуруп чыкты. Бир жолу жаан жаап, унаалар ары-бери өтүп койсо эле толтурган чуңкурлары кайра ачылып калат. Мындан улам аймактарды өнүктүрүү жылы деген ураан жөн гана кагаз жүзүндөгү кеппи деп ойлойсуң", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Ала-Бука районунун борбордук көчөсү кейиштүү абалда

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.05.2019. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
22-10-2019 12:45
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кандай сабыры жок немесин, корбой жатасынбы жолдун курулушу журуп жатканын. Тендерден уткан фирма кечендетип жатат. Башка жолдорун зынкыйтып эле койду го неге аларды жазбайсын. Бир аз сабыр кылсан ал жол да бутот
07.05.2019. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
890
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
22-10-2019 12:15
Жынысы:
Белгисиз
0
9-май парат болот ошого ондосо керек негиз тендирдеги шалакылык болбосо 2 жыл мурда бутмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132663;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: