super.kg logo
«Жылдын супер тасмасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Кайрат Нуртастын концертинде ырчынын күйөрмандарынын бири анын костюмун, бири бут кийимин кийип кетти

 

Бишкекте Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртастын үй-бүлөлүк концерти өттү. Концертте ырчынын жубайы Жылдыз Нуртас, балдары жана иниси бир сахнада күйөрмандарына ырларын тартуулашты.

Концерттин аталышы - Кайрат Нуртас

Концерттин өткөн жери - Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу

Концерттин өткөн убактысы - 1-май, саат 19:30

Концерттин алып баруучусу - Азамат Эркинбаев

Мыкты номерлер - "Ламбада", "Көздөр ай", Нарул Нуртастын ыры, Алау Нуртастын бийи

Борбор Азиянын жылдызына айланган Кайрат Нуртас алгач репертуарындагы ырларды жандуу аткарды. Казак ырчысын колдоп кыргыз шоу-бизнесинен Анжелика, Айдана Дека, Чолпон Талипбек жана Амир Аскаров келишти. Ал эми өткөн жылы хит болгон "Күттүм, ай" чыгармасын Джонни менен Кайрат Нуртас биргеликте аткарды.

Концерттин жүрүшүндө Кайрат Нуртас сахнага бир тууган иниси Зангар Нуртасты чакырып, дуэт аткарышты. Андан кийин сахнага ырчынын улуу кызы Сезим Нуртас чыгып фортепианодо ойносо, экинчи кызы Алау Нуртас бий өнөрүн тартуулады. Кайрат Нуртастын күйөрмандарына кыздары гана эмес, баласы Нарул Нуртас дагы талантын көрсөтүп, чыгарма тартуулады. Ал эми ырчынын кенжетайы Хан Нуртас бийи менен атасынын күйөрмандарынын жарымын тартып алды өңдөнөт.

"Кудай мага ушундай адамдан дагы 3 даана берсин. Кыргыз менен куда болоюн. Негизи күйөө бала болоюн дегем" деп тамаша сөздөрү менен залда отургандарды кыраан-каткырыкка бөлөгөн ырчы сахнага жубайы Жылдыз Нуртасты чакырды. Кайрат Нуртас сахнадан жубайына ыраазычылык сөздөрүн айтып, андан соң ырдап, бийлеп сахнада өздөрүн эркин алып жүрүштү.

Кайрат Нуртас ырдап жатканда жаш күйөрманы сахнага чуркап чыкты. Ырчынын күйөрманы каалоо-тилегин айтып, кумиринин костюмун эстеликке сурады. "Үстүмдөгү костюмду апам алып берген. Аны белекке берип койсом болбос. Башка костюмумду берейин. Бирок 3 эле костюмумду алып келгем" деген ырчы күйөрманына бир костюмун кийгизди. Концерттеги дагы бир кызыктуу көрүнүш - ырчы сахнадан курун чечип залда отургандарга ыргытты.

Эне жөнүндө ырдап жатканда залда отурган баланын оозу кыбырап жатканын көргөн ырчы аны сахнага чакырып, "Мендей бол, чоңойгондо киесиң" деп бут кийимин чечип берди.

Концертте ырчынын күйөрмандары сүрөткө түшүп, белектерин бергенге аракет кылышты. Алардын арасында улуу муундун өкүлдөрү, жаштар дагы болду.

Кайрат Нуртас 2017-жылы 26-майда дагы Бишкек шаарында концерт койгон.


кошулду


Кайрат Нуртас - Жүрөгүңдөн бир орун бер

Кайрат Нуртастын кызы бийледи

Кайрат Нуртастын баласы ырдады

Кайрат Нуртас аялы менен дуэт ырдады

Күйөрмандарына күрмө, кур, бут кийимин белек кылган Кайрат Нуртас үй-бүлөсү менен концерт берди

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
01.05.2019. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
19-11-2019 15:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рекламасын укпадык го?
02.05.2019. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
17-11-2019 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
классно, семья это хорошо, Семью надо дорожить и Любить, молодец Кайрат Нуртас.
02.05.2019. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
19-11-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бут кийим алган баланын буту сасыйт экен да эми
02.05.2019. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
647
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
19-11-2019 16:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+2
Мынча суранып эле басып жүрөбүз ушул биз кыргыздар.Уят эле...
02.05.2019. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
19-11-2019 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байпагын ич кийимин деле алышса болмок экен.
02.05.2019. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
19-11-2019 11:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Озу кондуруп койбодубу, келген сайын костюмун залга ыргытып атып. А так сыйлайм бул ырчыны. "Байка"деген ырын суйом да.
02.05.2019. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
08-03-2016
Соӊку аракети:
18-05-2019 13:55
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аваз бербей койду беле костюмун
Super TV
02.05.2019. 17:27 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
28-11-2018
Соӊку аракети:
17-09-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета...
0
Уят элего, кыргыздар өздөрүн жоготуп коюшуптурго. Кайратты пир кылып алганыңар жаман экен...
02.05.2019. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-03-2019
Соӊку аракети:
08-10-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жазган комментариияны эмнеге очуруп койуп атасынар супер инфо
03.05.2019. 10:15 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
864
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
19-11-2019 17:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Domui, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн.
02.05.2019. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
19-11-2019 16:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
0
Балдары мынча ширин
04.05.2019. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:30
Жынысы:
Белгисиз
0
Хан өтө ширин бала. Кайраттын бүт ырларын сүйөм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: