super.kg logo
«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Бишкекте өткөн салттуу музыка жумалыгынан фоторепортаж

 

20-апрелден 25-апрелге чейин Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы болуп өттү. "Кыргыздын салттуу музыка" коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын Азамат Болгонбаев иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн айтат.

"Музыка жумалыгынын алкагында жалпы 15 иш-чара уюштурулган. Алардын бардыгы ийгиликтүү аяктады. Жумалыктын алгачкы күнүндө “Салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу”, “Салттуу музыкалык аспаптардын жасалышы, таралышы жана функционалдык ролу” темасындагы тегерек стол өттү. Андан кийин салттуу музыкалык аспаптарды үйрөтүү жана аспаптардагы айрым ыкмаларды өздөштүрүү боюнча видеосабактар көрсөтүлдү. Ошондой эле окуу жайлардын студенттерине Казакстандан, Өзбекстандан келген окутуучулар, илимдин докторлору лекция окуп, тажрыйбалары менен дагы бөлүштү.

Ал эми концерттик программанын биринчи күнүндө комузчу, кыякчы, чоорчулардын концерти, экинчи күнү элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти болду.

Кечээ, 25-апрелде салттуу музыка жумалыгы жыйынтыкталып, анда "Ала-Тоо" аянты улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. Кечинде Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган жумалыктын жабылуу аземи гала-концерт менен жыйынтыкталды. Музыка жумалыгын өткөрүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү", - дейт ал.



"Ала-Тоо" аянтында жаш комузчулар күү чертишти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.04.2019. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
04-11-2019 12:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай иш чараларды кыргызстандын баардык райондорунда откоруш керек. Искуство жана маданиятка аралашкан жаштар жаман жолго барбайт. Жалган идеяларга азгырылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: