super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад облустук китепканасынын №2 филиалынын кызматкерлери китепкананы ачпай, студенттер күтүп отурушат" дейт окурман

 

Жалал-Абад облустук китепканасынын №2 филиалы качан барсаң жабык. Сыртында топтошкон студенттер дайыма күтүп турушат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Түштөнүү убактысы бүткөн маалда, саат 2лерде барсам китепкана дагы деле жабык. Мурда да барып алган китептеримди өткөрөйүн десем эшиги бек болчу. Кайра кетип калгам. Кийинки келишимде мен эле эмес студенттер дагы китеп алабыз деп топтолуп күтүп турушуптур. Бул алгачкы жолку көрүнүш эмес. Кароосуз калган мекемедей эле дайыма жабык турат.

Билимге умтулуп китеп окуган жаштар азыр аз, бирок аймактарда студенттер китепканаларга көп барышат. Алардын шагын сындырып, китепканачы кызматкерлер сураган китебин таап беришпей, ар кайсы филиалдарга жөнөтө беришет. Окуп жаткан балдардын убактысын сыйлоо, алардын билимге болгон умтулуусун колдоо, жардам берүү дегенди ойлогон бир да китепканачы жок. Облустук китепкана болгондон кийин казынасы кенен эле да. Китепканачылар сураган китебиңди таап бербей, андай жок деп кагып- силкип жооп берип кутулушат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Жалал-Абад облустук китепканасынын филиалы дайыма жабык болгонуна окурмандар нааразы

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
12.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-10-2019 09:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+3
Зданиясы деле ошол бойдон экен биз студент маалдагыдай. Ошондо эле полдору тушуп кетчудой эле
12.04.2019. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1649
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
чара коруш керек,айлыгын алып аткандан кийин жакшына иштеш керек да, студенттерди кыйнабай, студент бир эки барса жабык болсо экинчи баргысы келбей калса керек жабык экен деп, урматтуу админ сураныч чондору менен байланышып чара коруп бериниздер,студенттердин убактысы жол киреси кетип атат бекер эле
12.04.2019. 13:36 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8459
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
kechirmeni, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, "Элдик кабардын" жообу тиешелүү тараптардан алынып берилет.
14.04.2019. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
02-06-2017
Соӊку аракети:
04-08-2019 07:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан карасам жабык эле турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: