super.kg logo

Индияда велосипеди менен жөжөнү тебелеп алып ооруканага алып келген бала интернет жылдызына айланды

 
Индиянын Мизорам штатында Дерек Лалханхим аттуу 6 жашар баланын социалдык тармактардын бирине жүктөлгөн сүрөтү колдонуучулардын жүрөгүн жылытып, 100 миңдеген "жакты" белгисин топтоду. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты. Ал колуна өлгөн жөжөнү көтөрүп алып ооруканадагы дарыгерлерге сактап калууну өтүнүп келген.
Социалдык тармакка Деректин сүрөтүн илген колдонуучунун айтымында, ал үйүнүн короосунда велосипед тээп ойноп жүргөн. Аңгыча күтүүсүздөн жолунан чыга калган кошунасынын жөжөсүн тебелетип алган. Бала велосипедди токтотууга үлгүрбөй калган. Чала жан жөжөнү көтөрүп алып жакынкы ооруканага жүгүргөн. Ал дарыгерлерге барып чөнтөгүндө болгон акчасын алып чыгып сунуп, жөжөнү тезинен сактап калууну өтүнгөн. Колуна 10 рупий кармап, көзү жашылданган бала дарыгерлердин жүрөгүн жылыткан. Тилекке каршы, жөжө дөңгөлөктүн алдында калганда эле өлүп калган болчу. Бул тууралуу баланын ата-энеси билген соң, анын көңүлүн калтырбоо үчүн дарыгерлер жардам көрсөтүп жетишпей калышты деп түшүндүрүшкөн.
Окуя тууралуу маалымат шаарды тез эле аралап кеткен. Ал эми Дерек окуган мектептин жетекчилиги балага боорукерлиги жана мээримдүүлүгү үчүн грамота тапшырышкан.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(5)
08.04.2019. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
23-07-2019 12:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын иним, боорукердик эң жакшы сапат,
08.04.2019. 21:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
15-10-2019 20:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалпак жожо болгон экен да,кайран.Молодец,жаштайынан боорукер болуп
08.04.2019. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
16-10-2019 08:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын баласына окшош экенго.
09.04.2019. 11:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
392
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
16-10-2019 09:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бүгүнкү күндүн эң алдынкы эң жакшы жаңылыгы болду. мен үчүн
09.04.2019. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
19-05-2009
Соӊку аракети:
03-10-2019 17:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Биша
0
Акча жок даарылабайт экенин тушунгонун кара)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132444;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: