super.kg logo

Атамбаевдин күйөө баласы Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлигин Футбол федерациясы кайтарып алганын айтты

 

Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлигин азыркы жетекчилик кайтарып алганын билдирди. Бул тууралуу Султанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Футбол федерациясынын экс-президенти азыркы жетекчиликтин мындай кадамын күтүүсүз жерден билип калган.

"Урматтуу достор! Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигимди Футбол федерациясы кайра кайтарып алганын күтүүсүз жерден билип калдым. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын койгом. Ал максат федерация менен ийгиликтүү ишке ашырылып биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөтүп, Азия Кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп спорт тарыхында калды. Менин келечектеги пландарым - биздин футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү болчу. Тилекке каршы, кыргыз футболун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгып кеткенине өтө өкүнүчтөмүн. Мени ушул убакытка чейин колдоп келгендерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет", - деп жазды Султанов.

Семетей Султановдун мындай пикири боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Футбол федерациясына кайрылганыбызда, басма сөз катчы Наталия Угрюмова жетекчилик чет жерде жүргөнүнө байланыштуу жооп кийинчерээк берилерин айтты.

"Азыркы учурда жетекчилик Азия футбол конфедерациясынын конгрессине катышуу үчүн чет өлкөгө кеткен. 1-2 күндүн ичинде жетекчилик кайтып келери менен кенен жооп ала аласыздар", - деди басма сөз кызматкери.

Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен ушул жылдын 7-январында өз каалоосу менен кеткен. Анын ордуна 9-февралда Канатбек Маматов шайланган.

Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.

Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.04.2019. 15:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
08-10-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Эми футбол калды саясатташпаган анын күйөө баласы мунун күйөө баласы дебей эле аты жөнүн жазып койгула болду. Аташтын күйөө баласы экенин элдин баары билет эскертпесеңерда
07.04.2019. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
15-01-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 01:53
Жынысы:
Белгисиз
+8
Куйоо баласы болсо эмне экен. Кыргыз футболун жогорку денгелге которуп тур. 210 Дон 74 го бул жаман корсоткуч эмес.
08.04.2019. 03:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
15-08-2016
Соӊку аракети:
04-10-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимдин куйо баласы болсо болсун. Бул киши жетектеп келгенден бери кыргыз футболунун ийгилигин бутун кыргыз эли корду. Окунучтуу, ушинтип чыккан азаматтарды коро албаганынан же саясаттык коз караш менен тоскоолдук кылган го. Эгер чындап ошондой болгон болсо бул бийлик деле жарытпайт коо.
08.04.2019. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
400
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2019 14:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Бул жерде да саясат аралашыптыр ээ((Кимдин күйөө баласы болсо эмгегин баалаш керек болчу...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132491;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: