super.kg logo

ТЕСТ: Бакиевдин "гений" туугандары, Орусияда атылган үй-бүлө, Кимдер династиясы... Үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу тесттен өтүңүз

 

Бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттерде башчыларды эл шайласа, илгери башкаруу тизгини бир үй-бүлөнүн ичинде муундан муунга өтчү. Айрым династияларга эл каршы чыгып заманбап башкаруу системге өткөн. Бирок учурда дүйнөдө үй-бүлөлүк башкаруу толук жоюлган жок, бийлик атасынан баласына, баласынан небересине өткөн өлкөлөр дале кезигет. Бийликтеги тууган-уруктарга арналган тесттен өтүп, билимиңизди текшерип көрүңүз.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

2005 жана 2010-жылы Кыргыз өлкөсүндө элдин митингге чыгуусуна негизги себептеринин бири эмне болгон?

Кыргыз Республикасында 2005-жылы жана 2010-жылы ыңкылап болгон. Анда жарандар президенттин туугандарынын бийликке келгенине, коррупцияга, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого, баалардын кескин кымбатташына нааразычылык билдирип, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышкан.

Кийинки суроо


Автобустагы жол киренин кымбаттаганы
Үй-бүлөлүк-кландык режим орнотулганы
Көчөлөр тазаланбай жатканы
Чет өлкөлүктөр иш орундарын ээлеп алганы

Өзбекстанда Ислам Каримовдун кайсы тууганын анын мураскору катары көрүшкөн?

2008-жылы эксперттер Гүлнора Каримованы президент Ислам Каримовдун мураскору деп эсептешкен. Бирок 2013-жылдан кийин Гүлнора менен атасынын ортосунда чыр-чатактар башталып, анын өлкөдөгү таасири азая баштаган.

Кийинки суроо


Кызы Лола Каримова-Тилляева
Биринчи аялынан баласы Пётр Каримов
Кызы Гүлнора Каримова
Күйөө баласы Тимур Тилляев

Владимир Путиндин эки кызы бар. Алар кайсы мамлекеттик кызматтарды ээлейт?

Владимир Путиндин кыздары Мария жана Катерина мамлекеттик кызматтарда иштебейт. Путин маалымат жыйындарынын биринде кыздары тууралуу сүйлөп жатып, алар бизнес менен да, саясат менен да алектенбегенин айткан. "Алар Орусияда жашайт, орусиялык жогорку окуу жайларында билим алышкан" деген Путин.

Кийинки суроо


Парламенттин депутаттары
Федерация кеңешинин мүчөлөрү
Бир кызы депутат, бир кызы өкмөттө иштейт
Путиндин кыздары мамлекеттик кызматта иштебейт

Аскар Акаевдин кайсы туугандарынын бийликке келиши оппозициянын нааразычылыгын күчөткөн?

Аскар Акаевдин кызы Бермет жана уулу Айдар 2005-жылы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип депутат болушкан. Мындан улам оппозиция "өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу режим" орнотулду деп Акаевди күнөөлөшкөн. Ошол жылы төңкөрүш болуп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кийинки суроо


Аялы Майрам Акаева
Келини жана күйөө баласы
Кайын журту
Кызы Бермет жана уулу Айдар

Каракол шаарынын мэри менен президент Сооронбай Жээнбековдун кандайча туугандык жайы бар?

2018-жылдын октябрь айында Каракол шаарынын мэрлигине Адыл Каниметов дайындалган. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айткан. "Ооба, Жусупбек Шариповдун күйөө баласы деген маалымат чын. Жусупбек Шарипов кайнатам болот. Караколдун мэри болгонума ал кишинин тиешеси жок", - деген Каниметов.

Кийинки суроо


Президенттин күйөө баласы
Президенттин агасынын күйөө баласы
Президенттин өкүл баласы
Президенттин тууганы эмес

Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов экс-президент Сапармурат Ниязовдун кандайча тууганы деп айтылып келет?

Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов Сапармурат Ниязовдун никесиз төрөлгөн баласы болушу мүмкүн деген кептер бар. Буга алар экөөнүн сырткы окшоштугу, Ниязовдун Бердымухамедовго өзгөчө жылуу мамиле жасаганы жүйө катары келтирилет. Эгер бул версия чын болсо, Ниязов 17 жашында ата болгон. Ал эми оппозициялык түркмөн журналисттери бул версияга ишенишпейт.

Кийинки суроо


Баласы
Иниси
Никесиз төрөлгөн баласы
Небереси

Польшада кайсы эгиздер бир учурда президент жана премьер-министр болгон?

2005-2010-жылдары Лех Качиньский Польшанын президенти болгондо, анын эгиз агасы Ярослав Качиньский 2006-2007-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган. Алар чоң саясатка келгенге чейин 13 жашында "Айды уурдагандар" тасмасына тартылып, элге таанылган. 2010-жылы президент Лех Качиньский түшкөн учак Орусиянын Смоленский шаарына конордо кулап түшүп, учактагы 96 адамдын баары набыт болгон. Ярослав Качиньский учурда парламенттин депутаты.

Кийинки суроо


Лех жана Ярослав Качиньскийлер
Игорь жана Вадим Верник
Игорь жана Гришка Богдановдор
Владимир жана Виталий Кличко

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайсы тууганынын жетекчилик кызматка дайындалганы талкуу жараткан?

Экс-президенттин кызы Динаранын күйөөсү Семетей Султанов өлкөнүн Футбол федерациясын 2012-2019-жылдары жетектеген. Ал кызматка келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-сапка турган.

Кийинки суроо


Аялы Раиса Атамбаева
Кызы Алия Шагиева
Күйөө баласы Семетей Султанов
Эч кимиси

Тажикстанда президент Эмомали Рахмон ордуна кимди даярдап жатканы айтылууда?

2016-жылы Тажикстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп, президенттикке талапкер 35 жаштан эмес, 30 жаштан катышса болот деген норма кирген. Эксперттер бул өзгөртүүнүн максаты - Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалиге президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берүү деп эсептешүүдө. Учурда ал 31 жашта, ал эми атасы 66 жашта. 2017-жылы Рустам Эмомали Дүйшөнбү шаарынын мэри болуп дайындалган. Атасы элдин көзүнчө ага кантип башкаруу керектигин айтып, кеңеш берип турат

Кийинки суроо


Уулу Рустам Эмомали
Кызы Озода Рахмон
Аялы Азизмо Асадуллаева
Оппозициянын өкүлүн

Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк башкарууну орнотту деп айыптаганда, ал кантип актанган?

Мурдагы президент Курманбек Бакиев анын уулу Максим тууралуу: "Менин балам акылдуу, бизнесмен болсо, мен эмне кылмак элем. Ал мектепте окуп жүргөндө импорттук тамеки сатып акча тапчу" деп айткан. Бул сөзү эл арасында кенен жайылып, катуу сынга кабылган. Бүгүнкү күндө саясатчылардын туугандары жогорку кызматка дайындалып жатканда, "туугандарым "гений" болсо, эмне кылайын" деген сөз эске түшөт.

Кийинки суроо


“Туугандарым мурдатан бери эле бийликте болчу”
“Балам акылдуу болсо, мен эмне кылмак элем”
"Туугандарым бийликте болсо да мага баш ийишпейт"
"Туугандарымды кызматка мен койгон эмесмин"

Азиядагы кайсы мамлекетте бийлик атасынан баласына өтүп келет?

1945-жылы Корея мамлекети экиге бөлүнгөн: Корея Республикасы (Түштүк Корея) жана Корей Элдик Демократиялык Республикасы (Түндүк Корея). Түштүк Корея демократиялык өнүгүү жолун тандаса, Түндүк Кореяны Кимдер династиясы башкарып келет. Алар: Ким Ир Сен (1972-1994-жж.), Ким Чен Ир (1994-2011-жж.), Ким Чен Ын (2011-жылдан тарта). Айрым маалыматтар боюнча, Ким Чен Ындын 2 баласы бар.

Кийинки суроо


Түштүк Корея
Түндүк Корея
Монголия
Кыргыз Республикасы

Куба революциясынан кийин кайсы ага-ини бийликке келген?

ХХ кылымдын 50-60-жылдары Кубада социалисттик революция ишке ашып, анын башында Фидель жана Рауль Кастролор турган. Бийликке келип, алар өлкөнү 60 жылдай башкарган.

Кийинки суроо


Эрнесто жана Альберто Че Геваралар
Хосе де Сан-Мартин жана Бернардо О’Хиггинс
Симон жана Антуан Боливарлар
Рауль жана Фидель Кастролор

Сооронбай Жээнбековдун кудасынын агасы кайсы кызматка дайындалганы үчүн коомдун сынына кабылып жумуштан кеткен?

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кийинки суроо


Министр
Жогорку Кеңештин депутаты
"Мегаком" компаниясындагы бөлүм башчысы
Министрдин орун басары

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кайсы мүчөсү учурда мамлекеттик бийликте?

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева өлкөнүн парламентинин төрайымы кызматын ээлейт. Аялы Сара Назарбаева - "Демография" кайрымдуулук фондунун жетекчиси, кызы Алия Назарбаева адабият жана тасма тармагында иштейт, небереси Нурали Алиев - ири бизнесмен.

Кийинки суроо


Аялы Сара Назарбаева
Кызы Алия Назарбаева
Кызы Дарига Назарбаева
Небереси Нурали Алиев

Орусиянын акыркы падышасы Николай II кайсы династиянын урпагы?

Романовдор – 1613-жылдан 1917-жылдын февралына чейин Орусиянын бийлеген падышалар жана императорлор династиясы. Акыркы императору Николай II жана анын бүт үй-бүлөсүн 1918-жылы 16-июлдан 17-июлга караган түнү Екатеринбург калаасында тамдын астында большевиктер атышкан.

Кийинки суроо


Рюриковичтер
Романовдор
Годуновдор
Пушкиндер

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(36)
05.04.2019. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
562
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:58
Жынысы:
Белгисиз
-6
87 балл
05.04.2019. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 21:03
Жынысы:
Белгисиз
-8
60
05.04.2019. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-05-2014
Соӊку аракети:
24-06-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
-8
60
05.04.2019. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
18-05-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:39
Жынысы:
Белгисиз
-9
54 болду. Политик эмес турбаймынбы)
05.04.2019. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
31-08-2010
Соӊку аракети:
22-10-2019 00:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек, Каракол
-7
87
05.04.2019. 23:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
05-09-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-3
Семетей Султановду бири жаман дейт бири жакшы дейт.Бирок результат коргозгону маанилууго

monster_high_98 түзөттү 2019-04-05 23:38:36
06.04.2019. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 21:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
monster_high_98,Мениошол Семетей Султановдон жанылдым,бирок Султанов жан тартып жакшы иштеген деп айтышат.
06.04.2019. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
-7
87
06.04.2019. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
259
Катталган:
21-11-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 08:20
Жынысы:
Белгисиз
-6
74
06.04.2019. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
23-05-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:14
Жынысы:
Белгисиз
-3
94
06.04.2019. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
07-06-2016
Соӊку аракети:
18-08-2019 21:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
27
06.04.2019. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
01-09-2019 05:39
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызгыздын ич тарлыгын ушул жерден байкагыла жакшы алсан билбейт экен дейт 100%таптым десен ишенбейт баары артка тартмай минус басмай
odin-takoy түзөттү 2019-04-06 12:49:17
06.04.2019. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
80
06.04.2019. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
21-10-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
-2
60
06.04.2019. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
447
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
17-10-2019 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне баары эле минус мен айтпай эле коёюунчу жыйынтыгын
06.04.2019. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
08-10-2019 20:34
Жынысы:
Белгисиз
-3
Минус баскан жон эле прикол болуп калды окшойт. Мен ишенбейм ичи тарлык кылып,коралбай минус басылып атканына.Чын болсо мага да минусту басып койгула.
Alinur96kg түзөттү 2019-04-06 13:48:42
06.04.2019. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
23-10-2019 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
74 пайызга жооп бердим .
06.04.2019. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 21:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
94,Атамбаевдин куйоо баласын унутуп коюптурмун)
06.04.2019. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
23-10-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
100
06.04.2019. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
07-05-2018
Соӊку аракети:
15-07-2019 13:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөө да туура эмес чыкты десе баары + басышабы
06.04.2019. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-01-2015
Соӊку аракети:
11-04-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен постаянно 67 болом
07.04.2019. 00:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
418
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
23-10-2019 12:25
Жынысы:
Белгисиз
-3
ms.95.ma4o,чынында мен да 67болдум дайыма эле ошондой
06.04.2019. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
23-10-2019 16:06
Жынысы:
Белгисиз
-2
100%))
07.04.2019. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
418
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
23-10-2019 12:25
Жынысы:
Белгисиз
-4
KaGaH,мен сизге +бастым алга
06.04.2019. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
13-03-2019
Соӊку аракети:
22-10-2019 23:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
-3
27
06.04.2019. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
603
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
-4
Arseana,башкасын билбейм сизге 27% кайсы дөдөй минус басты...
06.04.2019. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
23-10-2019 18:28
Жынысы:
Белгисиз
-4
80
06.04.2019. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
22-12-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 14:09
Жынысы:
Белгисиз
-4
40 балл
07.04.2019. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
13-12-2013
Соӊку аракети:
25-04-2019 21:45
Жынысы:
Белгисиз
-3
27
07.04.2019. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
23-02-2019
Соӊку аракети:
23-10-2019 17:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
47 балл
07.04.2019. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
27-08-2019 23:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
67
08.04.2019. 02:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
14-10-2013
Соӊку аракети:
23-10-2019 16:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен областы Баткен шаары
0
87%. 100% азаматсынар
08.04.2019. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
08-09-2016
Соӊку аракети:
23-10-2019 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тест: бакиевдин "гений" туугандары, орусияда атылган үй-бүлө, кимдер династиясы... Үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу тесттен өтүңүз

сиздин упайыңыз

54
туура жооп: 8
ката жооп: 7
жалпы: 15 суроо
жакшы. Саясатка абдан кызыгат экен
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-08 10:00:57
08.04.2019. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
22-10-2019 17:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тест: бакиевдин "гений" туугандары, орусияда атылган үй-бүлө, кимдер династиясы... Үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу тесттен өтүңүз
сиздин упайыңыз

100
туура жооп: 15
ката жооп: 0
жалпы: 15 суроо
мыкты! Саясат жана тарых илимдеринин кандидаты окшойсуз!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-08 15:54:43
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132704;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: